"Азаттыктын" архиви: Усубалиев менен түз сүйлөшкөн Жамин Акималиев
6-ноябрда “Легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында каза болду. 2021-жылы “Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнө конок болуп, совет заманындагы кыргыз кадрларын даярдоо, колдоонун жолдору, депутаттарды шайлоодогу бийликтин кийлигишүүсү, мамлекет жетекчилери Хрущев, Усубалиев, Акаев менен жолугушуулары, мамилеси, айтылуу “алтын маселесинин” тагдыры, легендарлуу парламенттин коомдогу орду ж.б. маселелер жөнүндө кызыктуу баян курган.