Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Эркебаев: Бакиев мага таарынып жүрдү


Эркебаев: Акаевдин шайланышына себепкер болгом
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:00 0:00

Эркебаев: Акаевдин шайланышына себепкер болгом

- Абдыганы мырза, сиздин илимий-чыгармачылык чыйырыңыздын калыптанышына белгилүү саясий ишмер Аманбек Карыпкуловдун колдоосу чоң болгон деп айтылат...

- ...Аманбек Карыпкулов өзү Таластан, мен Чоң-Алайдан болом, экөөбүздүн туугандык жайыбыз жок. Ал киши менин ишиме, карьерама кам көрүп, дайыма көңүл буруп жүрдү. Менин компартиянын мүчөсү болушума да ал кишинин салымы бар. Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болушума да колдоо көрсөткөн. Адам бирөөнүн жакшылыгын айтып жүрүшү керек.

Бир күнү Аманбек Карыпкулов чакырып, “Кыргызстан маданияты” гезитине редактор болосуң” деди. Көп өтпөй ал киши кайра чакырып, «сен жөнүндө Турдакун Усубалиевич менен сүйлөштүм, “сени жактырды, бирок жаш экен, азырынча редактордун орун басары болуп иштеп турсун, тажрыйба топтосун” деп айтты», - деди. Мен аны туура кабыл алдым. Адам кызматка даярдык менен барыш керек, азыр тажрыйбасы жок эле чоң кызматтарга барып жатышпайбы.

- Академик Аскар Акаевдин Кыргызстандын биринчи президенти болушуна Чыңгыз Айтматов, Казат Акматов, Абдыганы Эркебаев себепкер болгону айтылып жүрөт...

- Мен божомол эмес, өзүм катышкан нерсени айтайын. 1990-жылы Аскар Акаевдин Кыргызстандын президенти болуп калышына байланыштуу окуяларга аралашып, себепкер болуп калганым чын.

Убагында ал Кыргызстан КП БКнын илим жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп турганда менин башыма кыйынчылык түшкөн мезгилдерде мага дайыма колдоо көрсөтүп келгени чын.

Москвадан бери чыгып жаткан макалаларымды окуп жатканын көп айтып калчу. Менин Илимдер академиясынын тил адабият институтуна директор болуп барышыма да тиешеси, колдоосу болгон. Кийин ал академиянын президенти болуп келгенде да мурдагыдан жакын болуп, бирге иштеп, жакшы мамиледе болуп калдык.

1990-жылы октябрда президенттик шайлоо өтүп, ага Апсамат Масалиев, Апас Жумагулов, Жумгалбек Аманбаев ж.б. катышып, “ит жыгылыш” болуп калганы белгилүү. Мен парламенттин депутатымын. Ошондо мага академик Ж. Шаршеналиев телефон чалып, “Аскар Акаев азыр Москвада академик Самарскийдин үйүндө отурат, телефон чалбайсыңбы, келип шайлоого катышсын” деп сунуш айтып калды.

Мен Аскар Акаевич менен байланышып, Кыргызстанга тез учуп келүүгө көндүрдүм. Эртеси айдоочусу Рысбек деген жигит “келдик” деп телефон чалды. Ошентип тагдыр экен, буйрук экен, шайлоодо Акаев утуп чыгып, Кыргызстандын биринчи президенти болуп калды. Анын мамлекет башчысы болуп калышына демократиялык күчтөрдөн турган 114 депутаттын колдоосу да чоң болгон.

- Курманбек Бакиев президент болуп турганда сизди кайсы бир мамлекеттик кызматтарга чакырдыбы?

- Мен Курманбек Бакиевди 1990-жылы “легендарлуу парламентте” депутат болгондо көрдүм. Депутат болгон беш жыл ичинде Курманбек Салиевич кайсы бир маселени көтөрүп, чыгып сүйлөгөнүн көргөн эмесмин. Аны менен Жалал-Абад облусуна губернатор болуп иштеп жатканда жакыныраак таанышкам, уруубуз боюнча сүрүштүрсөк жакын тууган болуп чыкканбыз. Экөөбүз тең тейит уруусунан экенбиз. Ошондон кийин үй-бүлөбүз менен катышып, чай ичишип жүрдүк.

Кийин анын Ала-Бука-Чаткалдан Жогорку Кеңешке депутат болуп келишине жардамдашкам, менин кайын-журтум Чаткалдан болот.

Ошого карабай мамлекеттин кызыкчылыгы, адамдардын коопсуздугу, адам укугу жөнүндө катуу сөз болуп, Аксы окуясы Коопсуздук кеңешинде каралып жатканда “бири-бириңерди коргоп отура бербей кызматтан кетпейсиңерби” деп Бакиевге катуу сын айткам. Ошондон кийин мага таарынып калганын айтып жүрдү. Кан төгүлүп жатса кантип коргой алам?

Бакиев өзү бийликке келгенде мени Жогорку Кеңешке өткөрбөй койгонун моюнуна алып, кечирим сурап жүрдү. Ага жардамчым Ө. Козубаев, күйөө балам Касымбеков, белгилүү саясатчылар Т. Абдраимов, И. Өмүркулов күбө. Бир-эки кызмат боюнча сунуш айткан, бирок аягына чыккан жок.

XS
SM
MD
LG