Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 18:41

Кемел Ашыралиев: Мени чекист кылышмак...


Ашыралиев: Кызматка келгендер кетерин да ойлошсун
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:38 0:00

Ашыралиев: Кызматка келгендер кетерин ойлошсун

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн коногу коомдук ишмер Кемел Ашыралиев болду. Ал маегинде мамлекеттик кызматка келиши, коопсуздук комитетине өтпөй калышынын себеби, Матен Сыдыковдун жетекчилик бейнеси, Нарын облусунун губернаторлугунан кантип түшкөнү, жыйынга атчан барганы, өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу кенен кеп кылат.

- Кемел Жакешович, сиз тууралуу СССР менен Кытайдын мамилеси бузулуп, чек аралар жабылып турган 1960-70-жылдары Нарын аймагында иштеген мамлекеттик кызматкерлерди тынчылыкка тартып, тапшырмаларды берип турган деп айтылат…

- Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинде, кийин комсомолдун Кант райондук комитетинде биринчи катчы болуп иштеп жүргөндө Нарын обком комсомолуна катчы кылып жөнөтүштү. Анда бул кызматка Москвадан бекитишчү.

Ал жакка аңгемелешүүгө барсам, СССРдин чек ара кызматынын командачысы Матросов кабыл алды. Ал киши менин чек ара аймагына жетекчи болуп баратканыма байланыштуу советтик кызматкердин жоопкерчилиги, чек арчылар менен кандай мамиледе болушу керек жана башка бир топ милдеттерди айтты.

“Сиз чек арачылардын каттоосунда болосуз, керек болгон учурда биз сизди кызматка алабыз, пайдаланабыз” деди. Кантип жүрүшүм керек, кантип байланышка чыгышым керек, бардык “цифровкаларды” берди. “Керек болгон учурда зарылчылык туулса, биз менен байланышасыз” деп атайын телефон номурларды да берди. Аңгемелешүүнүн аягында кол саат белекке алдым.

Кийин ошол Матросов Ат-Башыга чейин келди. Мени Нарын обкомсомолунан партиянын Ат-Башы райондук комитетинин экинчи катчылыгына жөнөтүштү. Көрсө жогорку бийликтердин планы мени партиялык кызматтарга эмес, коопсуздук кызматына тартып, чекист кылышмак экен. Бир жыл өткөндөн кийин мага ошол учурдагы Кыргызстандын коопсуздук комитетинин төрагасы, генерал Жумабек Асанкулов келди.

Экөөбүз Ат-Башыдагы токойдун ичиндеги өкмөттүк мейманканада козу сойдуруп коюп, түн бир оокумга чейин көп темалар боюнча аңгемелешкенбиз. Ал кишинин мага берген биринчи суроосу “арак ичесизби” деди, “ичем” дедим. “Анда арагыңды алып кел” деди. Кийин ойлосом, ал киши мени арак ичирип туруп сынамак тура. Менин үй-бүлөм, эмнеге кызыгарымды, спорттун кайсы түрү менен машыгарымды, ден соолугумдун жагдайын, жаш кездеги мушташканымды, кыздарга болгон сүйүүмдү, ырдай аламбы, дегеле адам жашоосундагы майда-чүйдө маселелерге чейин сырдаштык. Көрсө мени коопсуздук кызматына даярдап, сынап жаткан экен.

Андан 15 күн өткөндөн кийин мени Коопсуздук комитетинин төрага орун басары Марс Байчериков кабыл алып, “сизди биздин тармакка кызматка алабыз” деди. Көп кеңешүүлөрдөн кийин макулдугумду бердим. Бирок бир жагдай менин ал кызматка баруума тоскоол болду, тагыраак айтсам, менин кайнатам Ботокановдун 1920-жылдары совет бийлигине каршы чыккан Бондарев деген көпөс орусту колдоп, анын жанында жүргөнүн Москвадан таап чыгышыптыр.

- Сиздин өмүр баяныңызды карап отурсам, Нарынды совет заманында башкарган Матен Сыдыков менен дээрлик 10 жыл бирге иштептирсиз. Демек, жакшы билесиз. Ал киши тууралуу элдин жонунан кайыш тилип, катуу башкарган деп айтылып келет. Акыйкат караганда Матен Сыдыковдун башкаруу стилиндеги оң жана терс жактарын таразалап эмне айта аласыз?

- Матен Сыдович жөнүндө 50/50 деп тең салмактап айтсам мындай: ал киши абдан уюштургуч болчу, адамды бир аз отурганда эле анын ким экендигин билип койчу. Адамды коркокпу же өткүрбү, иштешүүгө болобу, дароо эле билчү, тубаса сынчы киши эле.

Бул кишиде билим жок болчу, педагогикалык институтту сырттан окуган, өзү жазчу деле эмес. Накта психолог эле, мурдагы заман болгондо хан же бий болчу киши эле. Мүнөзү абдан катуу болчу. Ал кишинин райондордогу таасирдүү жетекчилерди сындырып алсам, калганы кыйпычыктап иштей берет деген башкаруу ыкмасы бар эле.

Милициянын, прокурордун, коопсуздук комитетинин жетекчилерин колго алып, өзүнө жакпаган жетекчилерге «баланчаны казып көргүлөчү, көөп кеткен окшойт» айгактап койчу. Бул кишинин ар бир райондо бирден арызчылары бар эле. Жакпаган жетекчилердин үстүнөн үч дарекке: Москвага, Фрунзеге-Борбордук Комитетке жана өзүнө арыз жаздырып койчу.

Маткен Сыдыкович турмушту жакшы билген, абдан уюштургуч, талапты катуу койгон инсан эле. Жетекчилерге «жуурканыңды сөгөсүңбү, боз үйүңдү тытасыңбы, жүндүн планын толтур, аткарбасаң бир жерге отурасың, камаласың» деп катуу талаптарды койчу. Бул киши ооруканаларга, мектептерге катуу көңүл бурду, өзү барып, өз колу менен чукулап көрүп текшертчү, тазалыкты өзгөчө талап кылчу, дааратканага чейин кирип барчу, кемчилиги көп жетекчилердин акесин окутчу.

- Ал киши менен чогуу иштешкендер, жанында жүргөндөр катуулугун, кемчиликтерин бетине айта алышчу беле?

- Эл арасында Матен Сыдыковичтин катуулугу жөнүндө «күңк-мыңк» сөздөр болгону менен ачык эч ким айта алчу эмес, айттырчу да эмес. Мен таң калган учурлар көп болгон. Облустук аткаруу комитетинин жетекчилери Матен Сыдыкович чүчкүрүп калса да «буюрса бүгүн күн ачык болот экен, ишибиз жакшы болот» деп кошомат айтып турушчу…

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG