Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

10-марттын аба ырайы


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

10-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар, Нарын облусунун кээ бир жерлеринде кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 9…14;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын дээрлик жаабайт, кечке жуук жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 13…15 градус болот.

XS
SM
MD
LG