Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:19

Ооганстан COVAX аркылуу вакцинанын алгачкы дозасын алды


Кабул, 3-март 2021-жыл
Кабул, 3-март 2021-жыл

Ооганстан эл аралык COVAX программасы аркылуу коронавирус вакцинасынын алгачкы партиясын алды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 8-мартта билдиргендей, өлкөгө "AstraZeneca" вакцинасынын 468 миң дозасы жеткирилди. Ооганстан уюмдан дээрлик 3 млн. доза бекер алат деп пландалууда. Препарат Индиядагы институттан чыгарылган. Андан тышкары оогандар 470 миң шприц жана вакцинаны коопсуз ташыган 4 миң 700 контейнер алышты. Ооганстандын саламаттык сактоо системасынын жетекчилери билдиргендей, COVAXтан 38 миллион калктын 20 процентин эмдөөгө жетиштүү вакцина келмекчи.

ДССУ менен Gavi альянсы биргелешип түзгөн долбоор вакцинага ээ болууда бай жана кедей мамлекеттердин ажырымын азайтууну, препараттардын калыс жана тегиз бөлүштүрүлүшүн көздөйт. COVAX 2021-жылдын аягына чейин өнүгө элек өлкөлөрдү 2 млрд. доза вакцина менен камсыздоону максат кылат.

XS
SM
MD
LG