Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Айбек Сарыгул Соода-өнөр жай палатасынын катарынан негизсиз чыгарылганын билдирди


Айбек Сарыгул.
Айбек Сарыгул.

Түркиядагы “Кыргызстан достук жана маданият коомунун" төрагасы, жеке ишкер Айбек Сарыгул Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлүгүнөн негизсиз чыгарылганын 9-мартта билдирди.

Ал "Азаттыкка" өзүнүн палатанын курамынан чыгарылганын аны реформалоо тууралуу позициясы менен байланыштырды.

"Булар келтирген негиз туура эмес. Анткени, өздөрүнө баш ийгендерди гана калтырышыптыр. Алган акчаларын кайтарып бериши керек эле. Чет өлкөдө өкүл болуш үчүн акча төлөш керек дешкенинен 2019-жылы 1000 доллар төлөгөм. Мени 2021-жылдын 31-декабрына чейин бекитишкен".

Ишкер "Фейсбуктагы" баракчасына Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев кол койгон жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине 2-мартта жолдонгон катты жарыялады. Катта уюмдун айрым багыттары кайра түзүлүп, чет мамлекеттердеги өкүлдөрдүн иши өзгөргөнүнө байланыштуу Айбек Сарыгул ага мындан ары мүчө эмес экени жазылган.

Анын айтымында, Соода-өнөр жай палатасынын ишине нааразы болгон ишкерлер тобу уюмду реформалоону талап кылып жатышат. Алар уюмда реформа жок болгону үчүн Кыргызстанда ишкерлик, экономика өнүкпөй жатат деп эсептешет.

Аталган палатанын жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Былтыр 18-декабрда Бишкекте палатанын курултайында Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп Марат Шаршекеев экинчи айлампада кайрадан шайланган.

Палатанын бир катар мүчөлөрү курултай мыйзамсыз өткөнүн билдирип чыгышкан. Курултайдан кийин Марат Шаршекеев өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, өзү уставдын негизинде шайланганын айткан.

1954-жылы негизделген Соода-өнөр жай палатасы - ишкерлердин башын бириктирген көз карандысыз жана маанилүү уюм. Бул палата ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коё алат.

Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат. Мүчөлүк акысы бир жылга 10 миң сомду түзгөн палатанын курамында азыр 1200дөй ишкана-фирма бар. (NT)

XS
SM
MD
LG