Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат


Ташкент шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ташкент шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшөкеевдин айтымында, Жапаров Ташкентте өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт:

“Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштөр экенин белгилеп кетейин. Биз өз ара байланыштардын бардык чөйрөсүндө жогорку деңгээлдеги кызматташтык менен мүнөздөлгөн ынак коңшулук жана достук мамилелерибизди мындан ары дагы өнүктүрүү жана бекемдөө ниетиндебиз”.

Жапаров Ташкентте парламент жана өкмөт жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине да катышат.

Кыргызстанда 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкан. Буга парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык негиз болгон. Жапаров быйыл 10-январдагы президенттик шайлоону уткан. Кыргыз мамлекетинин башчысы катары ал алгач иш сапар менен Орусияга, андан кийин мамлекеттик сапар менен Казакстанга барып келди. (RK)

XS
SM
MD
LG