Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Бакуда аялдардын акциясын полиция күч менен таркатты


Бакудагы акция, 8-март 2021-жыл
Бакудагы акция, 8-март 2021-жыл

Бакуда 8-марттагы акция учурунда кармалгандар коё берилди. Бул тууралуу аялдар маршынын уюштуруучулары «Азаттык» радиосунун азери кызматына билдиришти. Активисттер өлкөдө гендердик теңсиздик өкүм сүргөнүн айтып, «Зомбулукка чыдап отурба» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Полиция плакаттарын жулуп алып, аялдарды акцияга чейин эле кууп таркатып, он чактысын кармап кеткен. Кээ бирлери тартип коргоочулар күч менен машинелерге сүйрөп барышкандан кийин ооруканага кайрылышканын кабарчыларга айтып беришти. Бирок Ички иштер министрлиги бардык дооматтарды четке кагууда.

Аял активисттер күн мурунтан Баку шаарынын аткаруу органына кайрылып, 8-мартта “Биздин укуктар үчүн” деген акция өткөрүшөрүн жазышкан. Бирок оң жооп алышкан эмес. Буга карабай уюштуруучулар иш-чараны башка күнгө калтырууну каалашкан жок. Алар аялдар чоң муштум эркектердин зомбулугунан жабыркап, айрымдары каза болуп жатышканына коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөшкөнүн айтышат.

XS
SM
MD
LG