Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:57

АКШ Орусияны вакцинанын айланасындагы "жалган маалымат" үчүн айыптады


АКШ Орусиянын америкалык вакциналарга каршы дезинформация кампаниясы деп атаган аракеттерин айыптады жана мындай көрүнүш менен күрөшө турганын билдирди.

Мамлекеттик департаменттин алдындагы борбордун айтымында, ал иштерге катышкан интернеттеги төрт платформанын артында орусиялык атайын кызматтар турат.

Ал сайттарда АКШнын “Азык-түлүк жана дары-дармектин сапатын көзөмөлдөгөн департамент жактырган эки вакцинасы тууралуу жалган маалымат жазылган”, - деп айтты тышкы саясий мекеменин өкүлү Нед Прайс.

Чет өлкөлүк пропаганданы көзөмөлдөгөн борбор былтыр Орусияга байланышы бар миңдеген аккаунттар COVID-19 эпидемиясы тууралуу расмий маалыматтарга көлөкө түшүргөн бир нече кампания уюштурган.

Айрыкча илдеттин тарашына АКШнын тиешеси бар деп билдирип турушту. Борбор адегенде Кытай дагы ошондой аракеттерге барганын, бирок кийин баш тартканын жана вируска каршы чараларга басым жасоону чечкенин аныктаган.

Америкалык чалгын кызматтары Орусия саламаттык сактоо тармагында жалган маалымат таратып жүргөнүнөн көптөн бери шек санашат. Мисалы, "1980-жылдары ВИЧ-инфекциясын Кошмо Штаттардагы окумуштуулар ойлоп тапкан" деген айың кептерди чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG