Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

"Жалал-Абад" аба майданынын жанындагы жаңы үйлөрдүн мыйзамдуулугу талкууланды


"Жалал-Абад" аба майданы. Архивдик сүрөт.
"Жалал-Абад" аба майданы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын түштүгүндөгү “Жалал-Абад” аба майданынын жанында курулган көп кабат үйлөрдүн мыйзамдуулугу боюнча маселе бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында кызуу талкуу жаратты.

Жеке менчик курулуш компанияларынын өкүлдөрү там салууга оозеки уруксат болгонун, ал жерде беш жана тогуз кабат үйлөрдү куруп жатышканын, айрымдары пайдаланууга берилгенин, бирок аба майданынын санитардык зонасына байланыштуу чыккан маселеден улам документтери бүтпөй жатканын айтышты.

Маселени чечүү жолу катары алар санитардык зона деген аймакты кыскартууну же аба майданын шаардан чыгарууну сунуш кылышты жана ал жерде башка мекемелердин жана уюмдардын курулуштары да бар экенин белгилешти.

Жыйында “Жалал-Абад” эба майданынын санитардык чөйрөсү 2,5 чакырым экени айтылды.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Талант Солтобаев Кыргызстанда аба майдандарынын санитардык зонасы боюнча маселе ачык бойдон экенин билдирди:

“Жаңы аэропорт куруу өтө чоң каражат талап кылат. Ошондуктан санитардык зонаны чечүү маселесин кароо приоритеттүү. Себеби азыр “Манас” эл аралык аэропортунун жаңы аба жолдорун куруу мүмкүнчүлүгү жок. Санитардык зона бүгүнкү күндө аныкталган эмес. Аны карай турган норма да жок”.

Айрым депутаттар көп кабат үй салаардан мурда документтерди тактоо, аба майданынын жана ал тейлеген жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгын, коопсуздукту эске алуу керектигин айтышса, кээ бирлери салынып калган үйлөрдү бузуу туура эмес болорун билдиришти.

Натыйжада комитет маселени бардык тараптардын сунуштарын эске алуу менен чечүү жолдорун табууну өкмөткө тапшырмай болду.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 11 мамлекеттик аба майданы бар. Алардын ичинен «Манас» жана «Ош» аба майдандары кирешелүү деп айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG