Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Бактыбек Сыдыков аэропортко кызмат көрсөткөн үй-бүлөлүк компаниялары бар экенин тастыктады


Бактыбек Сыдыков.
Бактыбек Сыдыков.

"Манас" эл аралык аэропортуна экинчи ирет президент болуп барган жана жамааттын айрым мүчөлөрү дайындалышына нааразылык билдирип жаткан Бактыбек Сыдыков аэропортко байланыштуу бизнеси бар экенин тастыктады. Анын үй-бүлөсүнө таандык делген «АККА күйүүчү май куючу комлекси» ишканасы учактарга керосин ташыйт. Ал эми «АККА-Кейтеринг» болсо Ош эл аралык аэропортунун кызматын колдонгон жүргүнчүлөрдү тамак-аш менен камсыздайт.

“Ооба, аэропорт менен иш кылган менин үй-бүлөмө тиешелүү эки компания бар. «АККА күйүүчү май куючу комлекси» 2014-жылы, «АККА-Кейтеринг» болсо 2011-жылы түзүлгөн. Ал учурда эч жерге тиешеси жок бизнесте жүргөн адам элем. Мен мамлекеттик мекемени жетектеп тургандан кийин аталган компанияларга тартпайм. Бир гана “Манастын” кызыкчылыгын коргойм. Бизге тиешелүү компаниялар боюнча он күндүн ичинде жеке пикиримди билдирем, чечим кабыл алам”, - деди Сыдыков "Азаттыкка".

Бактыбек Сыдыковду башкармалыктын башчысы кылып дайындоо тууралуу чечим «"Манас" эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинде Мамлекеттик мүлк фондунун сунуштамасынын негизинде жана премьер-министрдин макулдугу менен 20-октябрда өткөн жыйында кабыл алынган. Бирок Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде жамааттагы нааразылыкка байланыштуу Бактыбек Сыдыков кызматтан кете турганын айткан.

«Биз жаштарды алып келели, мурункулар кетип туруңуздар деп айттым. Ал да эртең кете турган болду. Биз эл нааразы болгон талапкерлерди кызматка койгон жокпуз», — деген КТРКдагы маегинде Жапаров.

Бирок Бактыбек Сыдыков эртеси премьер-министрдин кабылдамасында болгонун, абалды түшүндүргөнүн жана өкмөт башчы ага он күндүн ичинде “Манас” аба бекетиндеги коррупциялык схемаларды аныктоо тапшырмасын бергенин айтты.

Бирок өкмөт бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке келген Бактыбек Сыдыков «Манас» эл аралык аэропортуна президент болуп барыш үчүн депутаттык мандатын 21-октябрда тапшырды. Ал кызматка дайындалган күндүн эртеси 22-октябрда аэропорттун жанында 30дай киши чогулуп митинг өткөрдү.

24-октябрда да аба бекетинде жолугушуу болуп, айрым кызматкерлер Сыдыковдун кызматтан кетишин талап кылды.

Бактыбек Сыдыков аэропорттогу жетекчилик кызматка экинчи ирет дайындалды. Ал 2007-2010-жылдары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда «Манаста» директорлук кызматты аркалаган.

Анын атасы - белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков, ал эми уулу Алымбек Бактыбеков Бишкек шаардык кеңешинин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты. Өзү да 2015-жылы ушул партия менен Жогорку Кеңештен мандат алган. Ал эми 4-октябрдагы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышкан эле. (AiB\SE)

XS
SM
MD
LG