Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

“Манас” аэропортунун президенти Бактыбек Сыдыков иштен алынды


Бактыбек Сыдыков.
Бактыбек Сыдыков.

“Манас” эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Сыдыков кызматтан алынды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү бүгүн, 9-февралда “Азаттык” радиосуна тастыктады:

“Мага Мамлекеттик мүлк фондунан чалып, “Кызматтан алындың” деп айтышты”.

Аэропорттун жетекчисин ишкананын директорлор кеңеши дайындайт.

Сыдыков «Манас» аэропортунун президенти болуп дайындалганы 2020-жылдын 21-октябрда кабарланган. Ошол кезде анын бул кызматка кайра келишине каршы нааразылык акциялары өткөн.

Сыдыков 2007-2010-жылдары президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда «Манаста» директорлук кызматты аркалаган. Ал 2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келген. Атасы белгилүү мамлекеттик ишмер - Үсөн Сыдыков, ал эми уулу Алымбек Бактыбаев Бишкек шаардык кеңешинин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты.

«Манас» эл аралык аэропортунун карамагына Бишкек, Ош, Каракол, Баткен шаарларындагы жана Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы беш эл аралык жана жер-жерлердеги алты аймактык аэропорт кирет. (BTo/RK)

XS
SM
MD
LG