Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:57

“Манас” аэропортунун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуев кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалды. Бул тууралуу 9-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Чукуев Түркиянын «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз берген жана ошонун айынан мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө.

Ленин райондук сотунун 8-февралдагы чечими менен ал 6-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.

Чукуев өзү же адвокаттары ага коюлган айып тууралуу азырынча комментарий берише элек.

Эмир Чукуев “Манас” аэропортунун башкармалыгын 2015-жылдан 2018-жылга чейин жетектеген.

Кыргызстан «Transparency International» уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде 2020-жылдын жыйынтыгы менен 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 3-февралда парламентте сүйлөп жатып коррупцияга байланыштуу шек саналгандардын иши мөөнөтүнө карабастан каралып чыгарын, айыптуулар жазага тартыларын айткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG