Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Масалиев: Өкмөт аэропортторду башкара албаса кызматты тапшырсын


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев эгер өкмөт аэропортторду башкара албаса, кызматтан кетиши керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 5-февралда парламенттин жалпы жыйынында айтты.

- Жакында өкмөт башчынын биринчи орун басары “Аэропортту өкмөт башкара албайт, мамлекет башкара албайт, ошондуктан башка инвесторго бергенибиз туура” деп айтты. Мен эстетип коеюн, мамлекет бул премьер эмес, вице-премьер эмес. Башкара албаса кызматты тапшырсын. Атайын Мамлекеттик мүлк фонду бар. Алар да кетсин иштей албаса.

Жыйынга катышып жаткан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттын айтканына төмөнкүчө жооп берди:

- Аэропортту мамлекет башкара алат, бирок башкаруунун методдору, жолдору бар. Бирөөгө убактылуу башкарууга берүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк деген жана башка жолдору бар. Ошонун ичинде мамлекеттин көзөмөлүндө башкарылат. Ал эми биз азыркыдай команда жана метод менен башкара албайбыз деп айтып жатабыз. Анын үстүнө ал стратегиялык объект.

27-январда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас», «Ош» аэропортторун жана башка аба майдандарын тышкы башкарууга берүү боюнча план бар экенин билдирген.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 11 мамлекеттик аэропорт бар. Алардын ичинен «Манас» жана «Ош» аэропорту кирешелүү деп эсептелет. Акыркы беш жылдан бери кыргыз өкмөтү аларга инвестиция тартуу иши жүрүп жатканын айтып келет.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 5-февралда билдирүү таратып, аэропорттор менчиктештирилбей турганын, алар тышкы башкарууга берилерин кабарлады.

Билдирүүдө аэропорттордун мындан ары өнүгүү модели боюнча 2019-жылы тандалган Эл аралык финансы корпорациясы иштеп жатканы, инвестициянын көлөмү, салык сындуу параметрлери Жогорку Кеңештин кароосуна коюлары, андан кийин тышкы башкарууга берилчү компания тандалары айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG