Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:56

Ошто ишкер аялдарды колдогон өнөктүк башталды


Ишкер аялдардын товарлары коюлган жер.
Ишкер аялдардын товарлары коюлган жер.

9-март күнү Ош шаарында «Ишкер аялды колдо» аттуу өнөктүктүн ачылышы болду. Иш-чаранын максаты — аймактардагы ишкерликке ынтызар аялдардын бизнес жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн колдоого алуу.

Аялдар өндүргөн товарларды сатып алууга чакырган 2 айлык акцияда айылдагы кыз-келиндер өндүргөн товары жөнүндө видео менен бөлүшүп, башкаларга эстафета катары жөнөтөт. Иш-чараны БУУнун колдоосу менен «Айым Баштайт» коомдук уюму уюштуруп жатат.

Акциянын башталышында Ош шаарындагы ири дүкөндөрдүн бирине ишкер аялдардын өндүргөн пролдукциялары коюлду.

«Айылдык аялдар туруктуулуктун жана өнүгүүнүн фактору болуп саналат. Аймактагы аялдар дуушар болгон оор кырдаалдарга карабастан аларда инновациялык идеялар жаралып, иш-чаралар өткөрүлүп, муктаж болгондорго конкреттүү жардамдар көрсөтүлүүдө», - деди БУУнун аялдар түзүмүнүн адиси Дилдора Хамидова.

Айылдык ишкер аялдардын өздөрү өндүргөн товарларын бир апта бою Ош шаарынын тургундары «Фрунзе» дүкөнүнөн сатып ала алышат. Ушундай эле иш-чара 7-март күнү Бишкек шаарында дагы башталган. (DU)

XS
SM
MD
LG