Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Москва 18-мартта Ооганстан боюнча конференция уюштурууну пландап жатат


Ооганстан (Иллюстрациялык сүрөт)
Ооганстан (Иллюстрациялык сүрөт)

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 18-мартта Москвада Ооганстан боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралу ТАСС агенттиги 9-мартта кабарлады.

Бирок, иш-чаранын чоо жайы кенен айтылган жок. Мунун алдында эле Батыш маалымат каражаттары АКШ ооган жергесиндеги согушту токтотуу боюнча планды иштеп чыкканын жазышкан.

Ал долбоордо жаңы Конституция кабыл алынгыча жана шайлоо өтмөйүнчө Кабулдагы азыркы өкмөттү убактылуу администрацияга алмаштыруу сунуш кылынган. Reuters маалымдагандай, ок атышпоо режиминин сакталышына атайын комиссия көз салып турмакчы.

Ал эми Associated Press планга ок атышууну токтотуунун шарттары, аялдар менен балдардын, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо чакырыктары, жарашуу комиссиясын түзүү сунуштары камтылганын жазды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти агенттиктер кабарлаган долбоор тууралуу маалыматтарды бышыктаган жок. Мекеменин басма сөз катчысы Нед Прайс Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү кандай жүрүп жатканын айтуу азыр эрте экенин билдирип, Вашингтон алга жылуу мүмкүн деп ишенээрин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG