Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Европарламент Каталониянын мурдагы жетекчисин иммунитеттен ажыратты


Пуждемон. Белгия, 9-март 2021-жыл
Пуждемон. Белгия, 9-март 2021-жыл

Европа парламенти Каталониянын мурдагы жетекчиси, аймактын эгемендигин талап кылып келаткандардын жикчил лидери Карлес Пуждемонду жана эки өнөктөшүн – региондун мурдагы саламаттык сактоо министри Тони Комин жана мурдагы билим берүү министри Клара Понсатини иммунитеттен ажыратты. Муну менен алардын Испанияга ыкытмал экстрадициясына жол ачылууда.

Кол тийбестиктерин алууну 400дөн ашуун мыйзам чыгаруучу колдоду, 248и каршы добуш берди. Пуждемон жана Комин Европарламентке 2019-жылы, Понсати былтыр шайланган. Депутаттык мандат аларды сот жообуна тартуудан коргойт. Бирок Испаниянын соту кайрылгандан кийин Европарламент иммунитеттен ажыратуу маселесин териштире баштаган.

Каталониянын мурдагы жетекчиси Пуждемон жана Комин региондун көз карандысыздыгы боюнча уруксат берилбеген референдумдан кийин 2017-жылы Бельгияга качышкан. Понсати Шотландияда жашайт. Пуждемондун адвокаты парламенттин чечимин Евробиримдиктин Жогорку сотунда талашарын билдирди.

XS
SM
MD
LG