Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Бийлик референдумга, активисттер сотко камынууда


Митингчилер бийликке талап койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:28 0:00

Митингчилер бийликке талап койду

Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өттү. Акциянын катышуучулары долбоорду четке кагууну, Жогорку Кеңештин таркашын, тез арада парламенттик шайлоо жарыялоону талап кылышты.

Борбордук Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин имаратынын жанында өткөн митингдин катышуучулары Конституциянын жаңы долбоорун кескин сынга алышты. Алар документте президенттин ыйгарым укуктары эбегейсиз кеңейтилип, бирок анын жоопкерчилиги каралбаганын айтышты.

«Парламент таркасын!», «Хандыкка жол жок!», «Стоп, Ханституция!» деген жазууларды көтөрүп акцияга чыккандар бийликти бир колго топтоо авторитаризмге алып келет деп кооптонушууда.

Бишкектеги митинг. 9-март, 2021-жыл.
Бишкектеги митинг. 9-март, 2021-жыл.

Митингдин уюштуруучулары «Ханституцияга каршы» борборун түзүп, социалдык тармактарда да Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы саясий-коомдук ишмерлердин пикирин жарыялап турат.

Сөз болуп жаткан борбордун өкүлү, саясатчы Жеңиш Молдокматов мыйзамсыз конституциялык реформага байланыштуу президент менен депутаттарды сотко беришерин айтты.

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«Өлкөдө мыйзамсыз конституциялык төңкөрүш болуп жатат. Бийлик узурпация болду. Садыр Жапаровдун эл алдында шайлоого чейин, шайлоо учурунда айткан сөздөрүн таш каап отурат. Ал «Мен мамлекетке жоопкерчиликтүү бийлик, адилеттүү башкаруу орнотом» деген. Мындай болгон жок. Конституциянын долбоорун окуп чыктым. Бийлик бир адамдын колуна өтүп жатат. Аткаруу бийлигин, сотторду, күч органдарынын башчыларын президент гана дайындайт. Өзү каалаган учурда бошотот. Бирок ал эч кимдин алдында жооп бербейт. Бирдиктүү күч, партиялар, саясатчылар, коомдук ишмерлер менен чогуу парламенттин ар бир депутатын, президент Садыр Жапаровду бийликти узурпациялоо боюнча сотко беребиз. Жооп берип көрүшсүн».

Жеңиш Молдокматов Баш мыйзамдын жаңы долбоору кабыл алынса, ал сөз эркиндигин, адам укугун чектөөгө алып келерин билдирди.

Бул документти биринчи окууда колдоп берген парламенттин депутаттары да сынга кабылды. 9-мартта митингге чыккандар Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын мөөнөтү бүткөнүн, мындан улам парламентти каржылоону токтотууну талап кылышты.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев буга чейин «Азаттыктын» эфиринде сүйлөп жатып айтылган сын-дооматтарга жооп берген.

«89-берененин 5-пунктунда «аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгү үчүн президент жеке жооп берет» турат. Ага чейин 73-беренеде «президент Конституцияны, мыйзамдарды бузса, сот системасынын, Жогорку Кеңештин ишине кийлигишсе жооп берет» деп жазылган».

«Реформа» партиясынын төрайымы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова депутаттар Баш мыйзамды өзгөртүү сыяктуу мамлекет үчүн маанилүү маселелерди кароого укугу жок экенин дагы бир жолу эскертти. Өлкөдө бийлик алмашса да VI чакырылыштын иштеп жатышын мындайча чечмеледи.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Булар (Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары - ред.) эмне үчүн кетпейт, эмне үчүн тарашпайт? Алардын мөөнөтү бүткөн, кетиши керек. Же буларды кетире турган күч жокпу? Таркап кетпесе да «жөн гана отуруп тургула» деш керек эле да. Анткени буларды төңкөрүш менен бийликке келген адамдар курал катары колдонуп жатышат. Алсыз соттор менен депутаттар кайсы гана бийлик болбосун курал болуп берет».

Былтыр парламенттик шайлоодон соң болгон башаламандыктан кийин 22-октябрда Жогорку Кеңеш мөөнөтүн узартып алган. Парламенттик кайра шайлоо 1-июнга чейин дайындалышы керек. Президент Садыр Жапаров 1-мартта Казакстандын «Казинформ» агенттигиндеги маегинде Жогорку Кеңешке шайлоо быйыл күзүндө өтө турганын билдирди.

Ал эми VI чакырылыштын депутаттары өздөрүн легитимдүү деп эсептешет. Алар октябрь окуяларында өлкө мыйзам талаасына кайтышына салым кошконун айтып келишет. Алардын бири - депутат Бактыбек Турусбеков:

«Акыркы 5-6-октябрдагы окуялардан кийин мамлекеттеги экономикалык саясаттын баарын мыйзам калыбына алып келген Жогорку Кеңеш болду. Бир эмес, үч төраганы шайладык. Өкмөттү бекитип бердик. Өкмөттүн мүчөлөрү парламентте ант берди. Андан кийин референдумду дайындадык. Азыр эми иштин баары ачык-айкын болуп жатканын да айтыш керек».

Алты премьер-министрди алмаштырууга макул болуп, үчүнчү президент менен иштешип жаткан бул чакырылыштын депутаттары Баш мыйзамды экинчи жолу өзгөртүүгө баратат.

Парламент Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорду 3-мартта биринчи окууда кабыл алган. Аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берди, 21и катышкан жок. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев анда одоно мыйзам бузуу болгонун айтты.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Мен төрт жолу депутат болгом. Туура, кээ бир учурда депутаттар бири-биринин компьютеринин кнопкасын басып добуш берет. Бирок мынчалык болгонун көрө элекмин. Конституцияны өзгөртүү маселесинде бирөө экинчиси үчүн баспайт. Камакта отурган депутат үчүн, мамлекеттен качып кеткен киши үчүн добуш бербейт. Мыйзамда «Эгерде кайсы бир себеп менен жыйынга катыша албасаң ишеним кат калтырасың, «мен добушумду баланча депутатка тапшырам» деп жазып кетиш керек» деп так жазылган».

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоору 3-мартта парламентте добушка коюлганда тергөө абагында жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов жана жыйынга катышпаган айрым депутаттар да добуш бергени белгилүү болгон.

Андан тышкары былтыр 17-ноябрда 80 депутат демилгечи болуп сунуштаган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна кол койгон депутаттардын колу Конституциялык кеңешме быйыл февралда жазып бүткөн документке кайра коюлганы сынга кабылган. Алардын арасында мандатын тапшырып кеткен мурдагы депутат Максат Сабировдун, көзү өтүп кеткен депутат Алмазбек Акматовдун да колу бар.

Документ эми парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитеттен экинчи-үчүнчү окуудан өтүп, сессияга чыгарылышы керек. Долбоор 9-мартта комитетте каралат деп күтүлүп жаткан. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жыйын болбогонун билдирип, себебин түшүндүргөн жок.

Ал эми Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам Борбордук шайлоо комиссиясына 2-мартта түшкөн.

Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев ага Баш мыйзамдын долбоору тиркелип келгенин айтты. Ал парламенттен өтүп, президент кол койсо документке каршы жана макул болгондор үгүт иштерин жүргүзө баштайт.

«Мыйзамда документке кол коюлгандан кийин үгүт өнөктүгү башталат деп жазылган. Бирок анда 30 күндүк мөөнөт жазылган эмес. Ошондуктан үч-төрт күн болуп калса деле үгүт иштери жүрдү деп саналат. Мен бул туура эмес деп ойлойм. Референдумга байланыштуу үгүт жүргүзүү 30 күндөн аз болбошу керек».

Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек 9-мартта өткөн митингге байланыштуу мындай комментарий берди.

«Бир нерсеге макул эмес болсо сотко кайрылуу алардын конституциялык укугу. Бул катардагы эле көрүнүш. Ал эми кандай чечим чыгарат ал соттун укугу».

Долбоорду парламент кабыл алып, президент качан кол коёру азырынча белгисиз. Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков жарыялаган «жол картага» ылайык, документ 9-мартта тиешелүү комитеттен дароо экинчи, үчүнчү окууда каралары, 10-мартта Жогорку Кеңештин сессиясында ушундай эле тартип менен өтүшү керектиги жазылган. 12-мартта президент кол коюп, референдум 11-апрелге дайындалары көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ чыккан. Бирок коомчулуктун сынынан кийин аны иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген.

Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

XS
SM
MD
LG