Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Кызыл чеке кылган референдумдун жол-жобосу


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Документ парламентте депутаттарды кызыл чеке талашка түшүрүп, аны колдогондор менен каршы чыккандар өз жүйөлөрүн айтышты. Ортодо үч депутат долбоордун демилгечиси болуудан баш тартты.

Документке «макул», «каршы» добуш бергендер

Документ «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу» мыйзамдын долбоору деп аталат. Аны 3-мартта парламенттин сессиясында 87 депутат колдоп, тогузу каршы добуш берди.

Каршы добуш берген депутаттар: Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев, Каныбек Иманалиев, Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Евгения Строкова жана Чынара Урумкалиева.

Долбоор парламенттен дагы эки окуудан өтүп, президент кол койсо 2020-жылы Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгечи болуп, кийин Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоору 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу референдумга коюлат.

Референдумду дайындоо жөнүндө документ Жогорку Кеңеште депутаттардын кайчы пикирин жаратып, авторлор менен долбоорго каршы чыккандарды кызыл чеке кылды. Эл өкүлү Жанарбек Акаев мыйзам долбоору процедураларды одоно бузуу менен кабыл алынып жатканын эскертти.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«2016-жылы дал ушул парламент Атамбаев сунуштаган Баш мыйзамды да колдоп бергенбиз. «Элибиздин 80% президенттик башкарууну колдоп берди» деп айтып атасыңар. Анда да элибиздин 80% колдоп берген. Аким, губернатор, мэрлер, бардыгы иштейт. Бийлик иштесе бул да өтөт (ред: Конституциянын жаңы долбоору). Мурда да өткөн. Ушул парламент алты премьер-министрди алмаштырдык. Баарын мактадыңар. Үчүнчү президент менен иштешип жатабыз. Баш мыйзамды экинчи жолу алмаштырып жатабыз. Таркап кетээрдин алдында намыска келсек болот эле да. Өтө чоң мыйзам бузуу менен өтүп жатат (ред: Конституциянын жаңы долбоору)».

Мыйзамдын авторлорунун бири депутат Бактыбек Турусбеков жана парламенттин төрагасы Талант Мамытов 3-мартта Жогорку Кеңештин талкусуна чыгарылган долбоор референдумга гана байланыштуу экенин айтышты. Мамытов ушундан улам Конституциянын жаңы долбоору боюнча суроо берилбеши керек деп эсептейт.

«Биз Конституциянын долбоорун талкуулаган жокпуз. Ошондуктан суроолорду даректүү берсеңер. Экинчиден, жаңы Конституция тууралуу маселе чыкканда кээ бир депутаттар жоопкерчиликти албай кол койгон эмес. Албетте, бул жерде каршы пикирлер болгон. Бирок ошондой болбосун «Жогорку Кеңештин депутаттары ыйгарым укуктары менен пайдаланып Баш мыйзамды жазып алды» деп айтпасын деп мен президенттин милдетин аткаруучу катары Конституциялык кеңешме түзгөм».

Автору талашка түшкөн долбоор

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков Конституциянын жаңы долбоорун жазган авторлорду тааныштырууну талап кылды.

Долбоор боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков өзү авторлордун бири экенин, бирок башкалар тууралуу маалымат бере албастыгын айтты. Ал парламенттик аппараттын техникалык кызматкерлери демилге көтөргөндөр тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө таратарын билдирди.

Дастан Бекешев долбоордун автору катары камакта жаткан, каза болгон депутаттардын да аты жүргөнүн сынга алып, муну документти жасалмалоо деп баалады.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Кээ бир депутаттар эки жолудан кол коюшкан. Максат Сабиров өткөн жумада мандатын тапшырган. Кесиптешибиз Алмазбек Акматов каза болду. Алиярбек Абжалиев чет өлкөдө. Абдыкеримов жок. Кубанычбек Жумалиев убактылуу кармоочу жайда. Мүмкүн СИЗОдон кол коюп бергендир, билбейм. Бул юридикалык документ эмес, жасалма. Силер «Биз Конституцияны талкуулаган жокпуз» деп айтып атасыңар. Биз өтө чоң документти талкуулап жатабыз. Аны менен Кыргызстан жашайт».

Жыйындын соңунда Дастан Бекешев долбоорго байланыштуу өкмөт менен тармактык комитеттин корутундусунда, Жогорку Кеңештин токтом долбоорунда автор катары төрт эле депутат - Акылбек Жапаров, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Мирлан Бакиров жазылганын айтты.

Долбоордон баш тарткандар

Талкуунун жүрүшүндө эки депутат - Чынара Урумкалиева менен Айгерим Бешимбаева мыйзам долбооруна автор эмес экенин айтып, документтеги колтамгасын чакыртып алышканын жарыялашты.

Урумкалиева референдум дайындоо тууралуу долбоорго автор болуудан баш тарткан себебин мындайча түшүндүрдү.

«Конституция бийлик менен элдин ортосундагы социалдык келишим экенин эске алып, анын үстүнө бул мыйзам долбоорун коомчулук терс кабыл алганын эске алып, эртеби-кечпи жарылууга алып келбесин деп, 2020-жылдын 20-ноябрында президенттин №45 жарлыгы менен Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Сиздерге нобярь айында 80 депутат кол койгон Конституциялык мыйзамдын долбоорун окуп берейин. Демилгечи топ аны «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу» деп атаган. Жарлык боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө деп эле турат. Демек, бул жаңы конституциялык долбоор. Кайрадан 80 депутаттын демилгеси деп киргизүүгө туура келип атат. Ушуга көңүл буруп коюуңуздарды өтүнөм».

Депутат Каныбек Иманалиев Конституциянын долбооруна автор болуудан дагы бир депутат - Эмил Токтошев баш тартканын билдирди.

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгы.
Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгы.

2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору жана референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору чыгарылып, демилгечи катары 80 депутаттын аты-жөнү жазылган.

20-ноябрда ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов долбоорду талкуулаш үчүн Конституциялык кеңешме түзгөн. Кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазып чыгып 2-февралда кайра Жогорку Кеңешке жиберген. Ал парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.

Конституцияга жана конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизиш үчүн кеминде 80 депутат демилгечи болушу керек.

Авторлор менен каршы чыккандардын жүйөсү

Баш мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Умбеталы Кыдыралиев иштеп жаткан Конституцияда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн гана жол-жобосу жазылып жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу тартиби белгиленбей калганын айтты.

Умбеталы Кыдыралиев.
Умбеталы Кыдыралиев.

«Жаңы Конституцияны кантип кабыл алыш керек документте, мыйзамда жазылган жок. Конституциянын 114-беренесинде толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу эле жазылып турат. Жогорку Кеңештин регламентинин 66-беренесинин 2-пунктунда «референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорду талкуулоодо Конституциянын долбооруна өзгөртүү киргизүүгө болбойт» деп жазылып турат. Жаңы Конституцияны кантип кабыл алуу жазылбаса регламентте турат. Биз ушул жол менен баратабыз. Биз азыр референдумдун датасын коюшубуз керек жана кандай формада болот аныктайбыз. Башка эч нерсе жок».

Депутаттар Наталья Никитенко, Мирлан Жээнчороев бул тарыхый документ экенин айтып, аны кабыл алууга шашуунун кажети жок экенин билдиришти. Дагы бир эл өкүлү Каныбек Иманалиев дагы башка мыйзам бузууларды санап берди.

«Биздин бүгүнкү аракет канчалык конституциялык нормаларга туура келет - Конституциялык палатанын корутундусу жок. Экинчиден, депутат Бекешев айткандай конституциялык мыйзамга 80 депутат демилгечи болуш керек эле. Тилекке каршы төрт эле депутат демилгечи. Үчүнчүдөн, мыйзам долбоору бир ай коомдук угууда туруш керек болчу. Бул да сакталган жок. Бүгүн жооп берип жаткан эки баяндамачынын жообу «Жоопкерчиликти президент өз моюнуна алат» деген гана жооп болду».

Жогорку Кеңештин депутаты, коррупцияга шек саналып камакка алынган Дүйшөн Төрөкулов парламент жыйынына катышпай туруп, референдум өткөрүүнү колдоп «добуш берди». Бул социалдык тармактарда талкуу жаратты.

Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

XS
SM
MD
LG