Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Өмүрбек Текебаевди мандаттан ажыратышты


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоодогу үгүт учурунда. Бишкек. Сентябрь, 2020-жыл.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоодогу үгүт учурунда. Бишкек. Сентябрь, 2020-жыл.

Жогорку сот “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыраткан төмөнкү инстанциялардын сот чечимдерин күчүндө калтырды.

Жогорку сот мандат талашка чекит койду

2020-жылдагы октябрь окуялардан кийин депутаттык кызматын кайтарып алган саясатчы Өмүрбек Текебаев кайрадан мандатынан ажырады. Жогорку сот 3-мартта “Ата-Мекен” партиясынын лидеринин депутаттык мандаттынын кайра берилишине байланыштуу ишти карап, Бишкектин Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырды. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт. Буга чейин эки инстанция Текебаевге мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган деген негизде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган.

Өмүрбек Текебаев (сол жакта отурат) жана Темирлан Ормуков (оң жакта четте отурат). Жогорку соттун залы. 2021-жылдын 3-марты
Өмүрбек Текебаев (сол жакта отурат) жана Темирлан Ормуков (оң жакта четте отурат). Жогорку соттун залы. 2021-жылдын 3-марты

Отурумга катышкан Өмүрбек Текебаев өз сөзүн сүйлөп, соттун чечимин күтпөй эле кетип калды. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, октябрь окуяларынан кийин тез арада кылмыш иштери кыскартылып, сот чечимдери өзгөртүлгөн президент Садыр Жапаров баш болгон саясатчыларды мисалга тартып, өзүнүн кылмыш ишинин созулушун кош стандарттуулук деп атады.

“Саясий кызыкчылык болушу мүмкүнбү? Эми ал жөн эле көрүнүп турат. Сооронбай Жээнбековдун убагында 1 жыл 3 ай менин ишим чечилбей келди. Жаңы бийлик келип, кээ бир саясатчыларды иши бир түндө, жарым саатта чечилип жаткан учурда менин ишим 6 айдан бери созулуп жатат. Мага мандатты кайтарып бербегенге кызыктар күчтөр барбы? Алардын сотко таасири барбы? Муну ар бир шайлоочу өзү чечим чыгарышы керек деп ойлойм”, - деди Текебаев.

Ал ошондой эле шайлоо мыйзамы боюнча парламенттеги фракцияда мандат бошосо ордуна кийинки талапкер келерин, өзүнүн соттолгондугу боюнча чечим жокко чыгарылганын белгилеп, тизмеде биринчи тургандыктан мандатын кайра алганын туура чечим болгон дейт. Мандатынан ажыраган Текебаев учурда сот бийлиги эбегейсиз басымга кабылып жатат деп эсептейт.

Мандаттан ажыраткан активисттин арызы

2020-жылы октябрда «Ата-Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өзүнүн депутаттык мандатын партия лидерине ыйгаруу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. Боршайком арызды 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен канааттандырып, ага мандат берилген. Кийин жарандык активист Темирлан Ормуков Текебаевге "мандат одоно мыйзам бузуу менен ыйгарылган" деген негизде сотко кайрылган. Ормуков бул ишти саясатташтырбоого чакырып, соттун чечимдери туура деп эсептейт:

“Мыйзамда жок иш жасалып жатат. Ошон үчүн саясатташтырбаш керек. Мыйзамда мандатты калыбына келтирүү көрсөтүлгөн эмес. Текебаев башында арызды туура жазган. Ал менин мандаттымды жокко чыгарган чечимди жок кылып, мандатты кайтарып бергиле, деп жазган. БШК арыздын биринчи бөлүгү - мандаттан ажыратуу чечимин жокко чыгарып, ал эми анын мандатын Гайпкуловго (ред: Искандер Гайпкулов 2017-жылы Текебаевдин ордуна келген депутат) берген чечимди жокко чыгарбай коюп жатат. Бул жерде анын мандатын Гайпкулов алып атса, ал Садык Шердикин алып жатпайбы”.

Ормуков башкаларга сабак болушу үчүн депутаттын мандатына байланыштуу арыз жазганын белгиледи.

БШКнын позициясы

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Текебаевге депутаттык мандатты кайтарып берүү мыйзамдуу болгонун белгилеп, 2021-жылы 5-февралда Жогорку сотко даттанган болчу. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев мандат чыры боюнча жеке пикирин билдирип, сот чечиминде саясий боек бар экенин четке какпайт.

“Учурда Жогорку сот көз каранды орган болуп калды. Бул жакта саясий иштер болушу мүмкүн деп айтам. Мүмкүн дегеним аны далилдешим керек. Андыктан чоң саясат аралашкан болушу мүмкүн деп ойлойм", - деди Осмоналиев.

Экс-депутат Исхак Масалиев өлкөнүн бардык системасында мыйзам алкагында чыгарылбаган чечимдер болуп жатканын айтууда. Бирок, анын пикиринде Текебаевдин мандатына байланыштуу иште талаштуу жагдайлар бар.

“Чынын айтканда бул жерде маселе бар. 3 жылдан кийин депутат болгону кызыктай болгон. Ал өзү эмгек сиңирген юрист, жүйөсүн далилдеп бере албаса соттун чечимине баш ийиши керек”, - деди.

Текебаевдин парламенттеги орду

2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен бери коррупцияга айыпталган саясатчы Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбековдун башкаруусунда дагы маал-маалы менен бийликти сындап келген. Ал эми Садыр Жапаров бийликке келгенде Текебаев Баш мыйзамды, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү демилгелерине кескин каршы чыккан саясатчылардын бири.

Саясий талдоочулардын байкоосунда бардык бийликтин тушунда парламенттеги оппозициялык маанайдагы депутаттарга кылмыш иши козголуп, кийин мандатынан кол жууган учурлар уланып келет. Саясий маселелер боюнча эксперт Руслан Акматбек президент Жапаров кызматка киришип жатып, “саясий каршылаштарыма куугунтук болбойт” деген сөзүн эске салып, мурунку бийликтердин жолуна түшпөөгө чакырды:

“Каалайбызбы, жокпу - Текебаевдин парламентте ролу бар. Анын мандат алып отурушу бийликке тобокелчиликти жаратат. Парламентти каалагандай башкарып көнгөн бийлик анын депутат болушун каалабайт. Азыркы бийликтин мурункулардын жолуна түшкөнүнүн белгиси. Мындай кылбашы керек эле...”

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов жакында эле башка кызматка дайындалган Искандер Гайпкуловдун мандатын алып, тизмедеги кийинки талапкер Шайлообек Атазовго өткөрүп берүү маселеси Жогорку соттун чечиминен кийин караларын маалымдаган.

Гайпкуловдун кийин «Ата Мекен» партиясынын 2015-жылкы тизмесинде спортчу Шайлообек Атазов турат.

Шайлообек Атазов — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, 2018-жылдан тартып бир тууган Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунда машыктыруучу болуп иштеп келет. 2020-жылдагы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынан 42-тизмеде турган талапкер болгон. Ал социалдык тармактарда мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн таламын талашып жүрөт.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы "Мегаком" иши" боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда азыркы тапта алардын иши кайра каралып жатат.

Эки саясатчы тең өздөрүнө козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу катары баалап келишет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG