Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Абжалиевдин УКМК аныктаган байлыгы


Алиярбек Абжалиев ("Азаттыктын" иллюстрациясы).
Алиярбек Абжалиев ("Азаттыктын" иллюстрациясы).

Мыйзамсыз баюуга шектелип, кылмыш иши козголгон парламент депутаты Алиярбек Абжалиев өзүнө коюлган айыпты “курулай доомат” деп билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламент депутаты Алиярбек Абжалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки териштирүү иштери башталганын 1-мартта маалымдады. УКМК Абжалиевге тийиштүү делген кыркка чукул кыймылсыз мүлктүн сүрөттөрүн жарыялады.

“Абжалиев менчик ишканалардын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн, мамлекеттик кызматта иштеп жатканда расмий кирешелеринде көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгон, жыйырмадан ашуун элиталык батири, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облустарынын аймагында жер тилкелери бар, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлк сатып алган", - деп билдирди УКМКнын өкүлү.

УКМК сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Абжалиевдин булардан башка дагы көмүскө мүлкүн аныктоо аракеттери жасалып жатканын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча Абжалиевдин 2018-жылдагы декларациясында 2017-жылы 674 284 сом киреше тапканы жазылган. "Тойота" үлгүсүндөгү автоунаасы, 1 миллион 890 миң сомдук жылкысы, 1 миллион 80 миң сомдук бодо малга ээлик кылары гана көрсөтүлгөн.

Ошентсе да Абжалиев өзүнө козголгон кылмыш ишине макул эмес. Ал мурунку президент Сооронбай Жээнбеков менен кудалык байланышын өз максатына пайдаланбаганын, мамлекеттик иштерге кийлигишпегенин билдирүүдө.

“Мунун баары калп, куру доомат. Дубай, Түркияда үйлөрү бар дептир, үй эмес, бир кышым жок. Болсо алып алсын. 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Жеке менчик компаниялардын кызыкчылыгына иштеген деген маалыматтар да калп”.

Абжалиевдин өзү "2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин" дегени менен анын Жогорку Кеңештин сайтында илинип турган өмүр баянындагы маалыматка ылайык, ал 2008-жылдан тартып 2012-жылга чейин өкмөткө караштуу монополияга каршы агенттиктин статс-катчысы болуп иштеген.

1993-жылдан баштап 12 жыл бажы тармагында жетекчилик кызматтарды аркалап турган. 2005-2007-жылдарда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал эми 2015-жылы парламентке "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп келген.

Депутат азыр чет өлкөдө экени маалым болду. Ал тергөөгө качан келери белгисиз.

Алиярбек Абжалиев – экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын Атабек аттуу уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү маалым.

Экс-президенттин кан кудасы катары таанымал Абжалиевдин аты аралашкан чуулуу иштер 2018-жылдан тартып башталган.

2018-жылдын этегинде Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ыктыярбек Абжалиев "Мегаком" деген соода маркасы катары белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынгандан кийин Ыктыярбек Абжалиев кызматын өткөрүп берген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бийликте турган кезинде Абжалиев менен куда-сөөк экенин ырастаган, бирок анын мамлекеттик иштерге, кадр маселесине киришкени тууралуу сөздөрдү четке кагып келген.

Алиярбек Абжалиевге көңүл бурулган дагы бир жагдай, 2019-жылы уулу Темирлан Токобековго туш болгон жол кырсыгына байланыштуу. Токобеков отурган автоунаа Ысык-Көлдө башка унаа менен кагышып, төрт адам каза болгон.

Маркумдардын жакындары «Азаттык» радиосуна кайрылып, кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети болуп жатканын айтып даттанышкан. Токобековдун жакындары бул маалыматты четке каккан болчу. Кийин тараптар өз ара келишип алганы тууралуу айтылган.

Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев коррупцияга каршы күрөш өң-таанышка карабашы керек деп эсептейт:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

“Ким болбосун мыйзамдын алдында бирдей болушу керек. Мыйзамсыз иштерге баргандар жазага тартылышы керек. Мисалы, мурдагы депутат Аскарбек Шадиевдин иши боюнча аны Америкадан алып келүү аракети башталды. Муну жакшы жышаан деп эсептейм. Коррупцияга каршы күрөш тегиз жүрө баштады. Ушундай болушу керек. Ал кимдин тууганы же жакыны экени маанилүү болбошу керек”.

Былтыр «Фактчек» жана «Кактус медиа» порталы «Президенттин кудасы Алиярбек Абжалиевдин үй-бүлөсүнүн бизнес империясы» аттуу журналисттик иликтөө жарыялаган.

Анда Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин жакындарына катталган ондогон ишканалар жөнүндө кеп болот. Иликтөөдө депутаттын "мурдагы жубайы" экени айтылган Гүлсара Сулайманова ар кыл тармактагы иш алып барган 17 фирмага, ал эми уулу Темирлан Токобеков 13 фирмага ээлик кылары» жазылган.

Алиярбек Абжалиев журналисттик иликтөөдө айтылгандарды четке кагып, мурдагы жубайынын жана уулунун бизнесине көмөк көрсөтпөгөнүн билдирген.

Кыргызстанда буга чейин коррупциялык көрүнүштөр боюнча бир нече журналисттик иликтөө жарыяланган. Мамлекеттик органдар алар териштириле турганын, укуктук баа берилерин айтканы менен көпчүлүгү аягына чыга элек.

“Фактчек” порталынын редактору Болот Темиров буларды айтты:

“УКМК Абжалиевдин мүлкү деп жарыялаган маалыматта биз тапкан фактылардан башка да мүлктөр бар экен. Биздин иликтөө Жээнбековдун бийлигинин тушунда чыккандыктан реакция болгон эмес. Абжалиев тууралуу “Политклиника” басылмасы да иликтөө жасаган”.

Деген менен жемкорлукка каршы күрөш саясатташып кетти дегендер да бар.

Жарандык активист Адил Турдукулов ушундай пикирде:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

“Президент жумуштан кеткенден кийин ага жана анын жакындарына карата кылмыш ишин козгоо салты уланууда. Эми Абжалиев аркылуу Жогорку кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго жана экс-ажо Сооронбай Жээнбековго каршы көрсөтмө алуу аракети болуп жатышы да мүмкүн”.

Абжалиевди кошкондо жыл башынан бери эле Жогорку Кеңештин үч депутатына кылмыш иши козголду.

16-январда Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып эки айга камакка алынган. Ага карата Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен сотко чейинки териштирүү башталды.

4-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту депутат Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасын аныктап, 4-апрелге чейин камакта калтырган. Ага карата УКМК Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козгогон.

Мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин депутаты кол тийбестикке ээ. Бирок депутат өтө оор кылмыштарга шектелсе, коррупция боюнча жана кылмыш жасап жаткан учурда кармалса гана парламенттин уруксаты жок эле жоопко тартылат. Кылмыш-жаза кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси оор кылмыштардын катарына кирет.

XS
SM
MD
LG