Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Инвестор “Кайыңды кабель заводу” боюнча журналисттик иликтөөгө жооп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Металл-Кен” компаниясы “Кайыңды кабель заводу” ишканасынын 24,79% мамлекеттик акциясын сатып алууга даяр экенин “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттик иликтөөсүнөн кийин билдирди. 26-февралда редакция кабарлагандай, ишкананын директору Ван Шиен аларга кат жөнөтүп, акциялар “негизсиз спекуляциядан качуу максатында сатылып алынарын” айтты.

Ошону менен катар ал “Металл-Кен” ак ниет салык төлөөчү экенин, бюджетке 23 млн сомдон ашык акча төккөнүн, завод ишке кирсе өлкөнүн эң ири салык төлөөчүлөрүнүн катарын толуктай турганын билдирген.

“ПолитКлиника” медиасы Чүйдөгү “Кайыңды кабель заводу” ишканасынын жаңы кожоюнга өтүшүнөн кийинки абалы боюнча журналисттик иликтөөсүн 11-февралда жарыялаган.

Иликтөөнүн авторлору билдиргендей, завод жаңы кожоюнга өткөндөн кийин мамлекет ээлик кылган 24,79% акциясынан бир тыйын пайда көргөн эмес.

Журналисттер бул ишке Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин мурунку жубайы жана атайын кызмат аралашкан деп эсептешет.

Алардын маалыматына караганда, Абжалиевдин мурунку жубайы Гүлсара Сулайманованын жакындары заводдун акцияларынын контролдук пакетине ээ болуп, күрөөдө турган мүлкүн, жерлерин анын өзүнүн “Металл-Кен” компаниясына өткөрүп беришкен. Бул чечимдин жыйынтыгында 24,79% акцияга ээ болгон Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду пайда көргөн эмес. Маммүлк фонду акционерлердин бул чечимин жокко чыгаруу суранычы менен сотко кайрылган.

Журналисттер Сулайманованын өзүнөн комментарий алууга аракет жасап, майнап чыкпаганын, Абжалиев анын ишине кийлигишпей турганын айтканын билдиришти.

Кыргызстандагы Советтер Союзунан калган ири ишканалардын бири болуп эсептелген завод 15 жылдан ашык убакыттан бери кирешеси жок иштеп келди. 2018-жылы заводдун кожоюндугуна "Металл-Кендин" ээлеринин бири кытайлык Fujian Taihao International Trade компаниясы келген. (RK)

XS
SM
MD
LG