Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

"Мегаком" жетекчилерин жашырабы?


"Мегаком" компаниясы.
"Мегаком" компаниясы.

"Мегаком" компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов "бул компаниядагы жетекчилер тууралуу маалымат жашырылган" деген сөздөрдү жокко чыгарып жатат.

Мунун алдында аталган компаниядагы "Азаттыктын" ишенимдүү булактары парламенттин депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин бир тууганына байланыштуу окуядан кийин жетекчилик кызматтарга дайындалгандар боюнча буга чейин ачык турган маалымдама жабылып калганын кабарлашкан.

Өткөн жылдын этегинде депутаттын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомго" бөлүм башчы болуп дайындалган. Бирок коомчулуктун сынынан кийин кызматынан дароо эле баш тартууга аргасыз болгон.

"Мегаком" деген соода маркасы менен таанымал "Альфа-Телеком" жабык акционердик коомундагы "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын айтымында, буга чейин жетекчилик кызматтарга, бөлүм башчылыкка кимдер дайындалганы тууралуу ачык ички электрондук маалымдама болгон жана аны бардык эле кызматкерлер ачып көрө алчу.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ыктыярбек Абжалиевдин логистика бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганы ушул маалымдама аркылуу коомчулукка жарыяланып кеткен.

Маалымат булактарынын сөздөрүнө караганда, ошол окуядан кийин эле маалымдамадагы жетекчилер тууралуу маалымат толугу менен жабылып-жашырылып калган жана учурда аны компаниянын катардагы кызматкерлери көрө албайт.

"Азаттык" буга байланыштуу "Мегаком" компаниясынын башчысы Акылбек Жамангуловдон комментарий сурады. Ал маалымдама жабылып-жашырылып калганын жокко чыгарды:

Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

- Бардык эле жетекчилер тууралуу маалымат турат. Жалпы расмий сайтта жетекчилик тууралуу такыр маалымат жок. Аныңыз дезинформация. Сизге туура эмес маалымат беришкен. Мен сизге баарын ачып көрсөтүп берип жатам го. Азыр баары ачык. Мурун жетекчилер жабык болсо, азыр мен катардагы кызматкерлер менен түз иштешем. Менде "бай-манаптык" мүнөз жок. Анткени мен компанияны алдыга чыгарышым керек. Алдыга чыгарыш үчүн мен бардык кызматкерлер менен ачык-айкын иш жүргүзүшүм керек. Менин ишке болгон мамилем кичине башкача. Стандарттуу эмес мамиле.

Эмнеси болсо да бул окуя мамлекеттик мекеме-орган, компаниялардагы ачык-айкындуулук тууралуу талкууну козгоду. Коомдук талдоо институтунун жетекчиси Рита Карасартова кадр саясатындагы жаап-жашыруу көрүнүшүн сынга алды.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Кадр саясаты биринчи иретте айкындуулуктан башталышы керек. Айкындуулуктун артында "кызматка кесипкөй адамдарды алып келиш керек" деген маселе турат. Президент болобу, премьер-министр болобу, "бул ачык, баары ачыкка чыгат" дегенде эле "бул орунга кесипкөй адамды алып келейин" деп издене баштайт. Айкындуулук - коррупцияга бөгөт коюунун пайдубалы. Ошондо гана "өзүбүздүн кишибизди алып келели, акырын дайындап коелу" деген саясат токтойт. Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөш - бул кимдир-бирөөнү камоо эмес. Коррупция менен күрөш айкындуулуктан башталышы керек. Ошондо гана коррупция менен күрөш башталды деген тыянак чыгарса болот.

Акылбек Жамангулов "Мегаком" компаниясынын жетекчиси болуп былтыр октябрь айында дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңеште "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты болгон жана парламенттин жыйындарында бул компанияны башкаруу, анын жетекчилеринин ири өлчөмдөгү айлыгы тууралуу маселелерди тынбай көтөрүп, сындап келгени менен таанылган.

- "Мегакомдо" 1,5 миң киши иштейт экен, - деген эле ал. - Алардын орточо айлыгы 66 миң сом экен. Он киши топ-менежер экен. Алардын айлыгы жалпы айлык акы каражатынын он пайызын түзөт экен. Жетекчилер 20 миң долларга чейин алат экен. "Мегакомдо" жыл сайын бюджет бөлүгүндө 1,5 миллиард сом түшпөй калат. Бул компаниянын бир жылдык демөөрчүлүк жардамы 40 миллион сомго жакын экен. Ал маалыматты алсам, бул акчаны өзүнүн айылына, туугандарына, жердештерине берет экен. Ушул маселени өз көзөмөлүңүзгө алып, депутаттык комиссияга маалымат берип койсоңуз.


Акылбек Жамангулов "Мегакомго" жетекчи болгондон көп өтпөй эле анын фракциялашы, депутат Алиярбек Абжалиевдин бир тууган агасы Ыктыярбек Абжалиев логистика бөлүмүнүн башчылыгына келгени ачыкка чыккан.

Депутат Абжалиев бир тууганы бул кызматка сынак аркылуу, өз күчү менен келгенин айткан жана журналисттерди "бир тууганымды курулай жаманатты кылды" деп да күнөөлөгөн.

- Агам бажы тармагында иштеп, эки-үч облуста жетекчи болгон. Пенсияда болчу. Кийин беш-алты мекемеге резюмесин берген экен. Анын резюмесин карап, ошол жакка ("Мегакомго") бөлүм башчылыкка чакырышыптыр. Бул бир жума мурун болгон. Эми кечээ аны журналисттер көтөрүп чыгышты. Бирок ал да өз оокатын кылышы керек. Аны бирөө бакпайт да. Качканга да, кууганга да Кудай бар. Жакшы жагын да айтыш керек! "Ушундай деңгээлде иштеген экен, ал бөлүм башчылыкка эмес, "Мегакомго" барса да татыктуу экен" деп. Мурда шопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга, министрликтерге барса унчукпай отуруп, азыр жаман жагын көрсөтүп жатышат, - деген ал.


Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында кудасына байланыштуу жагдай тууралуу да пикирин билдирген. Ал журналисттерди жана жарандык коомду бийликтеги тууганчылык, өң-таанышка карап кызматка орношуу сыяктуу көрүнүштөргө каршы чогуу күрөшүүгө да чакырган:

- Кыргызда куда сый болот. Жакшылыкта-жамандыкта жолугабыз, отурабыз. Балдар тууралуу эле сөз болот. Эч качан мамлекеттик иш тууралуу сөз болбойт. Мен ага жол да бербейм. Мына, силер да жардам берип жатасыңар. Бир жылдын ичинде силер, ЖМКнын өкүлдөрү, бардык маселени көтөрүп чыктыңар, бул менин ишиме абдан чоң жардам болуп жатат. Силер мага үй-бүлөлүк клан кылганга, же кудамды бир жерге койгонго мүмкүнчүлүк бересиңерби? Кудамдын жакындары "Мегакомго" бир бөлүмдүн башчылыгына коюлганын мен билбей калыпмын. Силер муну көтөрдүңөр, мен окугучакты ал "жөн эле жүрөйүн" деп арызын жазып кетип калыптыр. Азыркыдай күчтүү жарандык коом, эркин ЖМК менен бирге биз, мен баш болуп мындайга чогуу жол бербешибиз керек.

​Кыргыз өкмөтү "Мегакомду" 2010-жылы, апрель ыңкылабынан кийин улутташтырган. Ошондон бери бир канча жылдан бери эле сата албай келет. Компания алгач 2015-жылы сатыкка чыгарылган жана бир канча жолу сынак жарыяланганы менен үзгүлтүккө учураган. Андан кийин баасы кыйла төмөндөтүлгөн жана аны түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG