Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Көлбаевдин иши: Акчага айырбашталган эркиндик


Камчыбек Көлбаев.
Камчыбек Көлбаев.

Кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин (Камчыбек Асанбектин) тилкат менен абактан бошотулушу коомчулукта чоң талкуу жаратты.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети маалымат таратып, Көлбаевдин иши жана анын тилкат менен бошотулушу тууралуу түшүндүрмө берди.

Ал арада АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Көлбаевдин абактан чыгышына байланыштуу камтамачылык билдирди.

УКМКнын түшүндүрмөсү

УКМКнын түшүндүрмөсүндө кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин бөгөт чарасы анын адвокаттарынын арызынын негизинде 2-мартта Бишкек шаардык сотунун коллегиясында каралган.

«Сот чечимине ылайык, ал жашаган жери - Чолпон-Ата шаарынан эч кайда чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулганы белгиленген. Ал эми сот чечиминин аткарылышын көзөмөл кылуу милдети УКМКга жүктөлгөн, тил каттын шарты бузулса, Көлбаевдин бөгөт чарасы катаалдашат», - деди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү.

Атайын кызмат Көлбаевди былтыр 22-октябрда Бишкекте кармаган. Аны колго түшүрүү учурунда атайын техника колдонулуп, кармоо операциясынын видеосу коомчулукка жарыяланган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган.

5-ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган. 17-февралда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан. Көлбаев дагы бир кылмыш иши - кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча айыпталып жатканы атайын кызматтын 3-марттагы билдирүүсүнөн кийин гана белгилүү болду.

Маалыматка караганда, 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгон.

«Тергөөнүн мөөнөтү бүткүчө же апрелдин акырына чейин калган акчаны кайтаруу боюнча аракет көрүлүп жатат. УКМК кылмыш иштерин иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берет. Криминалдык авторитет Камчыбек Асанбек тараптан туура эмес жүрүм-турум болсо мыйзамга ылайык чара көрөт», – деди атайын кызматтын өкүлү.

АКШнын элчилигинин билдирүүсү

Камчыбек Көлбаев эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары АКШнын Мамлекеттик департаментинин "кара тизмесинде" турат.

Анын бошотулушуна байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги дароо реакция жасап, камтамачылыгын билдирди.

Анда "баңгизаттарды, адам, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иш-аракеттер менен алектенген кылмыштуу тармагы бар, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Көлбаевдин абактан чыкканына" тынчсыздануу камтылган.

«Көлбаевдин баңгизат сатуу тармагы Борбор Азияда, Орусияда жана Европада балдарды ууландырып келет. Ошол себептүү АКШнын Мамлекеттик департаменти анын кылмыштуу тармагын бузууга жардам берген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган», – деп билдирген элчи Дональд Лу.


Элчиликтин маалыматына караганда, Дональд Лу жакында Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилиги менен жолуккан учурда АКШ Көлбаевдин ишин иликтөө жана сот жообуна тартуу боюнча укук коргоо органдарынын аракетин колдой турганын айткан.

Вашингтон Көлбаевдин кылмыштуу тармагын жок кылуу үчүн сыйлыктын көлөмүн көбөйтүү жана бул багытта механизмди өркүндөтүү тууралуу ниетин билдирген.

Көлбаевдин иши жана реакциялар

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 3-марттагы түшүндүрмөсүндө кримтөбөл Камчыбек Көлбаевге 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо иши иликтенип жатканы, анын алкагында туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгону белгилүү болду. Ошол эле кезде Көлбаевге «кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен козголгон кылмыш иши, ал боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилбей келет.

Камчыбек Көлбаевдин кармалышы былтыр октябрдагы элдик толкундоодон кийин келген бийликтин, анын ичинде өлкө лидери Садыр Жапаровдун, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин криминалга каршы күрөшү катары бааланып келе жаткан.

Көлбаев Камчыбек Ташиев атайын кызматына дайындалгандан кийин бир жумадан соң кармалган. Ошентсе да Көлбаевдин кармалышын “шоу” деп атагандар да болгон. Алардын бири УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

«Жаңы келген бийлик Райымбек Матраимовду коррупциянын символу, ал эми Камчы Көлбаевди уюшкан кылмыштуулуктун символу катары көрсөтүп, “мына ошолор менен аёосуз күрөш жүргүзүп жатабыз” деген мааниде аларды кармашкан. Камчы Көлбаев мурда жасаган кылмыштары боюнча жазасын өтөп чыккан. Ошондуктан аны кармаганга негиз жок болчу. Эгер кылмыш жасаган болсо аны тактап, далилдеп туруп камаш керек эле. Бирок ал кайсы берене менен жоопко тартылып жатканы белгисиз. Эми аны бошоткондо “кылмыштуу жол менен тапкан оокаттарын адалдаштыруу” беренесин тагышты. Биз муну башында эле “шоу” деп атаганбыз. Бүгүн ошол сөз тастыкталды. Эми ал 50 миллион сом төлөп берген турбайбы. Ошонун негизинде ал сот жоопкерчилигинен бошойт дагы мындан кийин таза адам катары жашоосун уланта берет».

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы дайындалган кезде Кыргызстанда кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүгө убада берген. Ал мыйзам бузса, Көлбаев да камакка алынарын айткан:

«Эч нерсесине карабай, баарын жазалайбыз. Камчыбек Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат. Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла. «Уурулар» эми эки-үч «Лексустун» коштоосунда кортеж болуп жүрбөйт! Бандиттер качып, жашына баштайт. Биз ошондой кылабыз».

Камчы Көлбаевдин мурдагы адвокаты Икрамидин Айткулов буларга токтолду.

«Көлбаевди бошотуу – бул туура чечим болду. Анткени ага карата козголгон кылмыш иштеринде далил табылган жок. АКШ элчилигинин айыптоосу да негизсиз. Азыр жалпыга маалымдоо каражаттары Камчы Көлбаевди "уюшкан кылмыштуу топтун башчысы" деп жазып жатышат. Далили жок эле бирөөнү айыптоо туура эмес. Ал мамлекетке 50 млн. сом төккөнү күнөөсүн мойнуна алгандыгын билдирбейт. Муну ал эркиндикке чыгуу үчүн жасады. Мен азыр Көлбаевдин адвокаты эмесмин. Бирок анын иштери менен тааныштыгым бар».

46 жаштагы Камчыбек Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Көлбаевдин иши саясатташкан деп эсептейт:

Азиза Абдирасулова/
Азиза Абдирасулова/

«Бийлик кылмыштуу топтун өкүлдөрүн саясий кызыкчылык үчүн колдонгону туура эмес. Бул биринчи эле көрүнүш эмес. Мен билгенден жакынкы 15 жылдан бери бийлик бизнесмендер, криминал жана радикалдуу диний чөйрө менен тамырлашып кеткен. Бүгүн бул иш уланып жатат. Ага таң калуунун кереги жок. Камчы Көлбаевди баары билет. Ал да акыркы кезде саясаттын куралы болуп келе жатат».

Саясатчы Бектур Асанов Көлбаевдин абактан чыкканы тууралуу оюн айтты.

“Азыркы бийлик уюшкан кылмыштуу топтор жана коррупция менен күрөшөм деп сөз берген. Камчыбек Көлбаевдин бошоп чыкканы жогоруда айтылган убаданын "биринчи жыйынтыктары" деп айтсак болот... Ошондуктан бул бийликтен бир нерсени өзгөртөт деп үмүт кылууга мүмкүн болбой калды. Муну эл деле түшүнүп турат. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү - бийликтин шериктештери. Ошондуктан алар камалбайт. Кармалса деле кайра чыгып кетет”.

Көлбаев 2008-жылы Москвада «мыйзамдагы ууру» макамын алып, «таажы кийгени», буга бир катар кримтөбөлдөр күбө болгону тууралуу маалымат бар.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчыбек Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири маңзат барондорунун тизмесине кошкон. Андан кийин, 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 млн. доллар сыйлык жарыялаган. 2017-жылы аны «кара тизмеге» киргизген.

Бир жылдан кийин Орусиянын Ички иштер министрлиги да Көлбаевге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салган.

АКШ буга чейин «Көлбаевдин кылмыштуу тармагы - бир нече евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган «"Brothers’ Circle" эл аралык кылмыштуу уюмунун бөлүгү» деп жазган.

Журналисттер кыргыз бажысынын мурдагы аткаминери, учурда кылмыштуу кирешени адалдоо фактысы менен камакта жаткан Райымбек Матраимов менен кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаевдин байланышынын далилин да таап чыгышкан.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимов коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берген. Учурда камакта.

XS
SM
MD
LG