Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Камчы Көлбаев абактан бошотулду


Кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен кармалган Камчыбек Көлбаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошотулду.

Шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова мындай чечимди Бишкек шаардык соту 2-мартта чыгарганын “Азаттыкка” билдирип, андан башка маалымат берген жок.

17-февралда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан.

Улуттук коопсуздук комитети Камчыбек Көлбаевди былтыр 22-октябрда кармаган.

Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган. 5-ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган.

11-ноябрда социалдык тармактарда №47 абактын футбол аянтчасында жазасын өтөп жаткан бир топ адамдар дасторкон жайып тамактанып жатканы тартылган тасма тараган. Андан Камчыбек Көлбаевди да көрүүгө болот. Бул иш-чара 5-ноябрь күнү Көлбаевди тосуп алуу үчүн уюштурулганы айтылган.

Кийинчерээк Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата абакта кичи футбол боюнча мелдеш өтүп, "соттолуучуларга тамак берилген" деп түшүндүргөн.

Октябрь окуяларынан кийин Камчыбек Ташиев атайын кызматка төрага болуп жаңы дайындалганда Көлбаев ишкерлерди кысымга алганы аныкталса жазага тартыларын эскерткен:

«Камчы Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат. Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла».

Октябрь айынын аягында Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев басма сөз жыйынында Кыргызстанда криминалитет өзүн эркин сезип калганын айтып чыккан. Мурдагы чекист Көлбаевдин кармалышын театрлашкан шоу катары баалаган.

Соңку парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда соцтармактарда «Көлбаев Бишкекте бир нече машиненин коштоосунда жүрөт, мамлекеттик резиденция тарапка өтүүгө аракет кылды» деген мазмундагы сүрөт жана видеолор жарыяланган.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, учурда Баткен облусунда өкмөттүн өкүлү болуп иштеп жаткан Өмүрбек Суваналиев октябрь окуяларында криминал бийликти колго алууга аракет кылганы жөнүндө маалыматы болгонун «Азаттыктагы» соңку маегинде айткан.

«Мен айтып жаттым. «Аянтта кылмыштуу топтун мүчөлөрү жүрөт» деп. Уюшкан кылмыштуу топтун «Дөө Чыңгыз» деген лидери таасирин көрсөткүсү келип жатканын айттым. Бирок мен координацияда турганда Камчы Көлбаев киришпей калды. Анткени биз алардын жолун буудук. Бирок алардын атынан башка топтор иштейбиз деп аракет кылды. Алар бийликке умтулду», - деген Суваналиев.

46 жаштагы Көлбаев мындан туура сегиз жыл илгери «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айып менен үч жылга соттолгон. Ал 2014-жылы 8-июнда эркиндикке чыккан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин Камчыбек Көлбаевди эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары "кара тизмеге" киргизген.

XS
SM
MD
LG