Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Адвокаттар атайын кызматтын аракетине нааразы


Адвокаттардын жыйыны. Ош шаары, 15-февраль, 2021-жыл.
Адвокаттардын жыйыны. Ош шаары, 15-февраль, 2021-жыл.

Буга чейин атайын кызмат Оштогу адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Адвокаттар муну кысым катары баалашууда. Атайын кызмат тинтүү мыйзам чегинде болгонун билдиришти.

"Эртең баарынын үйүнө кирип барышат"

15-февраль күнү Ош шаарындагы бир нече адвокат басма сөз жыйынын өткөрүп, алардын ишине кысым болуп жатканын айтып чыгышты. Алардын бири — Зухра Абдрахманова. Ал УКМКнын кызматкерлери адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын үйүн мыйзамсыз тинтүүгө алганын мисал келтирип, бул «жаман инцидент» болгонун айтууда:

Зухра Абдрахманова
Зухра Абдрахманова

«УКМКнын тергөөчүсү мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөн. "Адвокаттын ишмердүүлүгү жөнүндө" мыйзамдын 29-беренесин бузушкан. Адвокаттардын ишине ушундай деңгээлдеги мыйзамсыз иш биринчи жолу болуп жатат. Үйүнө мыйзамсыз кирип барып, тинтүү кылганына таң калып турабыз. Биздин иш тажрыйбабызда мындай болгон эмес. Бул жаман көрүнүш эмнеге жеткириши мүмкүн? Бүгүн Сүйүнбаеванын үйүн тинтсе, эртең ар бир адвокатты кармай башташат. Эң жакшы адвокаттардын бири Сүйүнбаева үйүндө кантип Кадыр Досоновду кармап отурсун? Бул күлкү да».

Ал эми адвокат Динара Турдуматова атайын кызматтын өкүлдөрү көзгө илбеген мыйзамдарды тизмектеп, эгер юридикалык билимге ээ адвокаттарга мындай мамиле кылып жатса, жөнөкөй элге мыйзам иштебей калат деп кулак-кагыш кылды:

Динара Турдуматова.
Динара Турдуматова.

«Алар "Адвокаттын ишмердүүлүгү жөнүндө" мыйзамды, Жазык процессуалдык кодексти жакшы окушпаптыр. Анын үстүнө бизде кол тийбестигибиз бар. Бизге кылмыш ишин козгоо үчүн башкы прокурор же анын орун басары уруксат бериши керек. Ошондой эле бизге тинтүү жүргүзүү үчүн тергөө судьясынын токтому керек. Эгер бүгүн кесиптешибиздин үйүнө кирген болсо, эртең баарынын - судьялардын, прокурорлордун үйүнө киришет. Юридикалык билими жок кишилерди айтпай эле коёюн. Мыйзамсыздык өкүм сүрүп кетпейби».

«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» мыйзамынын 29-беренесинде «Адвокаттык иштин көз карандысыздыгынын кепилдиги жана адвокаттын кол тийбестиги» жөнүндө жазылган.

Адвокаттардын жыйынынан бир көрүнүш.
Адвокаттардын жыйынынан бир көрүнүш.

Журналисттерди чогулткан адвокаттар Ош шаарында жана Ош облусунда эмгектенген 400дөн ашуун адвокаттын атынан келгенин билдиришти.

УКМКнын Оштогу башкармалыгы 10-февраль күнү «Женго» деген каймана атка конгон, кылмыштуу топтун төбөлү атыккан Кадыр Досоновду колго түшүрүү үчүн Ички иштер министрлиги менен бирге «Перехват» планы жарыяланганын кабарлаган. Ошол эле күнү бир нече үй, анын ичинде Досоновдун адвокаты Сүйүнбаеванын үйү да тинтүүгө алынган. Адвокат буга байланыштуу атайын кызматтын үстүнөн Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.

УКМК Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын иш-чара жүргүзүп жаткан учуру. 10-февраль, 2021-жыл.
УКМК Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын иш-чара жүргүзүп жаткан учуру. 10-февраль, 2021-жыл.

Сүйүнбаеванын айтымында, шаардык сот УКМК жүргүзгөн тинтүүнү «мыйзамсыз» деп тапкан. Адвокат бул ишти кысым катары сыпаттады.

«Шаардык сот бул тинтүүнү мыйзамсыз деп тапты. Бул соттун чечими даттанууга жатпайт. Менин ишиме УКМК кысым жасап жатат. Анткени мен Досоновдун адвокаты болуп сот ишине катышып жатам. Ошондуктан алар бул кадамга барышты деп ойлойм».

УКМКнын басма сөз кызматы буга чейин кылмыштуу топтун төбөлү атыккан Кадыр Досоновго байланыштуу бир нече расмий маалымат таратылганын белгилөө менен, кыскача төмөндөгүлөрдү билдирди:

«Бардык тергөө иш-чаралары соттун санкциясынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлдү».

Кадыр Досонов Оштон Бишкекке алынып бара жаткан учур.
Кадыр Досонов Оштон Бишкекке алынып бара жаткан учур.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы токтомуна ылайык, Кадыр Досонов 8-апрелге чейин УКМКнын тергөө изоляторунда камакта болот.

11-февралда УКМК уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциянын жыйынтыгында «Женго» каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын «көзөмөлдөгөн кримтөбөл» деген Кадыр Досонов кармалганын маалымдаган.

Буга чейин Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ал УКМКнын Оштогу башкармалыгына өзү барганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

УКМК 2020-жылдын 30-ноябрында Досоновго издөө жарыяланганын кабарлаган. Ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылдын 6-февралында кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан жана 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан.

Адвокаттарга кысым көрсөтүлгөн же кылмыш иши козголгон учурлар буга чейин да катталган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Башкы прокуратура президенттин абийирин жана кадыр-баркын коргоо үчүн «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кенештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин авдокаттары Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакуновага каршы арыз жазып, кийин аны чакыртып алган.

XS
SM
MD
LG