Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

УКМК Көлбаевдин тил кат менен абактан чыгышы боюнча түшүндүрмө берди


Камчыбек Көлбаев кармалган учур. 22-октябрь, 2020-жыл.
Камчыбек Көлбаев кармалган учур. 22-октябрь, 2020-жыл.

Улуттук коопсуздук комитети кримтөбөл деген Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) тил кат менен абактан чыгышы тууралуу түшүндүрмө берди.

Анда кылмышка шектүү Көлбаевдин бөгөт чарасы анын адвокаттарынын арызынын негизинде 2-мартта каралганы, соттун чечимине ылайык ал жашаган жери - Чолпон-Ата шаарынан эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулганы айтылган. Сот чечиминин аткарылышын көзөмөл кылуу милдети УКМКга жүктөлгөнү, тил каттын шарты бузулса, Көлбаевдин бөгөт чарасы катаалдашары кошумчаланган.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которду. Тергөөнүн мөөнөтү бүткүчө же апрелдин акырына чейин калган акчаны да кайтаруу боюнча аракет көрүлүп жатат.

"УКМК бул кылмыш иштерин иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берет. Криминалдык авторитет Камчыбек Асанбек тараптан туура эмес жүрүм-турум болсо мыйзамга ылайык чара көрөт" - деп жазылган билдирүүдө.

Улуттук коопсуздук комитети Көлбаевди былтыр 22-октябрда кармаган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган. 5-ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган.

17-февралда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан эле.

11-ноябрда социалдык тармактарда №47 абактын футбол аянтчасында жазасын өтөп жаткан бир топ адамдар дасторкон жайып тамактанып жатканы жана арасында Көлбаев тартылган тасма тараган. Иш-чара 5-ноябрь күнү Көлбаевди тосуп алуу үчүн уюштурулганы айтылган.

Кийинчерээк Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата абакта кичи футбол боюнча мелдеш өтүп, "соттолуучуларга тамак берилген" деп түшүндүргөн.

Камчыбек Көлбаев эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары АКШнын Мамлекеттик департаментинин "кара тизмесинде" турат. (NT)

XS
SM
MD
LG