Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Депутат Бешимбаева Конституциянын жаңы долбооруна автор эмес экенин билдирди


Айгерим Бешимбаева
Айгерим Бешимбаева

Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева Конституциянын жаңы долбооруна, ошондой эле, референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбооруна автор эмес экенин айтып, колтамгасын чакыртып алды.

Депутат парламенттин 3-марттагы жалпы жыйынында долбоорго катышы жок экенин билдирди:

"Мен кат түрүндө да жазгам. Мен демилгечи эмесмин, тизмеден алып коюңуздар. Долбоорго тиешем жок. Талкууга да катышкан эмесмин".

Бешимбаева - "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты.

Конституциянын долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору парламенттин 3-марттагы сессиясында талкууланууда.

Бир катар депутаттар Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору деп айтылган 80ден ашуун депутаттын аты-жөнүн ачыкка чыгарууну талап кылышты.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков авторлордун бири өзү экенин, бирок башкалар тууралуу маалымат бере албастыгын маалымдады. Парламенттик аппараттын техникалык кызматкерлери авторлор тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө таратарын кошумчалады.

Документти 2-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети биринчи окууда талкуулап, жактырган.

Парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG