Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Коронавирус дагы 48 адамга жукту, бир бейтап көз жумду


Кыргызстанда 3-мартка карата дагы 48 адамга коронавирус жугуп, бир бейтап көз жумду. Мурда ооругандардан 49 киши сакайды.

Илдетке каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусун жугузгандардын саны 86 356 адамга жетти. Алардын 1668и кайтыш болуп, 83 318и айыкты.

Учурда ооруканада жаткандар 11 бейтап өтө оор, 100 киши оор, 240 адам орточо оор абалда.

Өлкөдө коронавирус алгач 2020-жылдын 18-мартында расмий катталган.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин саны 4 205ге жетти. Анын 4 186сы айыгып, 90дон ашууну каза болду.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 3-мартка карата 114 миллион 728 миңден ашты. Алардын 2 миллион 550 миңге жакыны жашоо менен кош айтышты.

Бир катар мамлекеттерге илдетке каршы эмдөө башталды. Кыргызстанда быйыл марттан вакцинаны камдап, жайында эмдөө башталары расмий кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG