Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:01

«Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү өттү


Орусияда Коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү өттү.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Анда 19-февралда саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко жолукканы айтылган.

Жолугушууда саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык, бул тармакты материалдык-техникалык жактан чыңдоо, медициналык кызматкерлерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу тууралуу да сөз болгон.

Орусия мындан тышкары COVID-19га каршы күрөшкө колдоо иретинде бат курула турган ооруканага техникалык жактан көмөк көрсөтүү жолун караштырмакчы.

Маалым болгондой саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Москвага иш сапар менен 18-февралда кеткен.

Кыргызстан буга чейин коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын тандап алган.

Эмдөө март айында башталып, 504 миң доза алгач медицина кызматкерлерине жана мугалимдерге сайылары кабарланган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындан тышкары «Спутник V» вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен да сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым болгон.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 20-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза таап, вирус 59 кишиден табылган. Жүздөн ашуун адамдын абалы оор экени айтылды. Март айынан бери илдеттен 1452 адам көз жумду. (ST)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG