Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Матраимовдун тарапташтары бүгүн дагы митингге чыгышты


Райымбек Матраимовдун тарапташтарынын Бишкектеги митинги. 2021-жылдын 19-февралы. Бишкек, Кыргызстан (Cүйлөп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев)
Райымбек Матраимовдун тарапташтарынын Бишкектеги митинги. 2021-жылдын 19-февралы. Бишкек, Кыргызстан (Cүйлөп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев)

Бүгүн, 20-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында Райымбек Матраимовдун тарапташтары митингге чыгышты.

Буга чейин Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралары кабарланган.

Анын тарапкерлери 19-февралда да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдына чогулуп, Матраимовду бошотууну талап кылышкан. Ушундай эле талап менен жүздөн ашуун адам Матраимовдун кичи мекени Кара-Суу райондук акимчилигинин алдына чогулган болчу.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

УКМК 15-февралда Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталса, тергөө иштери улантыларын маалымдаган.

Аталган мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйында Матраимовго жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG