Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Бишкекте жол кирени кымбаттатуу сунушталды



Бишкек.
Бишкек.

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортто жүрүү акысын көтөрүү боюнча атайын токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Долбоорго ылайык, муниципалдык автобустар менен троллейбустарда жүрүү акысын 11 сомго, менчик - кичи автобустарда жүрүү акысын 15 сомго көтөрүү сунушталууда.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жол кире акыркы жолу 2012-жылы кымбаттаганын, андан бери элдин кирешеси өскөнүн, азык-түлүк жана башка товарлардын баасы көтөрүлгөнүн жүйө келтиришкен.

Долбоордо эсептелгендей, бүгүнкү күнү шаар ичинде эл ташыган «Мерседес Бенц» кичи автобустун ар бир жүргүнчүсүн ташуу 13,4 сомго туура келет. Бул күйүүчү майдын, электр энергиясынын, унаа тетиктеринин кымбатташына байланыштуу.

Бишкек шаардык кеңешинин долбоорунда жол кире борбор калаада элди коомдук унаа менен камсыздоону жакшыртуу, элдин жеке автоунаадан коомдук транспортко өтүшүнө шарт түзүү, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана башка максаттарда көтөрүлүп жатканы тууралуу жазылган.

Январь айында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыккан. Эгерде ал талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен.

Мэрия маселени карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзүп, айдоочуларды иш таштабоого чакырган.

Мэрия 19-январда айдоочулардын 60% гана ишке чыкканын ырастап, ал күнү жоон топ айдоочулар Бишкектин Октябрь райондук акимчилигинин алдында нааразылык билдиришкен.

Алар 10 сомдук тариф кеткен чыгымдарды актабай жатканын билдирип, буга далил катары тиешелүү эсептерин көрсөтүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG