Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Грузияда оппозиция тарапкерлери жана полиция кагылышты


Тбилисидеги тирешүү. 2021-жылдын 19-февралы.
Тбилисидеги тирешүү. 2021-жылдын 19-февралы.

Грузиянын борбору Тбилисиде 19-февралда полиция менен оппозициянын тарапкерлери кагылышты. Жаңжал активисттер парламент имаратынын алдына чатыр тигүүгө аракет кылган учурда чыккан. Грузиянын Ички иштер министрлиги мыйзамдуу буйрукту аткарбаганы үчүн 20 адам кармалганын кабарлады. Активисттер былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, ар кыл чараларды уюштуруп келет. Шайлоонун адилетсиз өткөнүн айткан оппозициячыл партиялардын мүчөлөрү депутаттык мандаттарды алуудан баш тарткан.

Грузиядагы саясий кризисти оппозициядагы “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын лидери Ники Мелианы кармоо боюнча 17-февралдагы сот чечими андан ары тереңдетти.

Саясатчы 2019-жылдын 21-июнуна караган түнү парламент имаратынын алдында өткөн акцияларда зомбулук иштерин уюштурган, жетектеген жана катышкан деген айып тагылууда. Эгер 41 жаштагы Мелиа күнөөлүү деп табылса, анда ал тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

18-февралда премьер-министр Георгий Гахария оппозициянын лидерин күч менен кармоого макул болбой, кызматтан кеткен. Анын ордуна бийликтеги “Грузин кыймылы” партиясы Ираклий Гарибашвилинин талапкерлиги сунуштады. Эми аны бул кызматка бекитүү үчүн парламенттин макулдугу керек.

Гахариянын кызматтан кетишинен соң, оппозиция жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатат. Ал эми Ички иштер министрлиги болсо оппозициячыл саясатчыны камакка алууну кийинкиге калтырды.

XS
SM
MD
LG