Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Грузия: Оппозициянын таламын талашкан премьер кызматтан кетти


Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Гахария (оңдо) жана оппозиция лидери Ники Мелиа (солдо)
Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Гахария (оңдо) жана оппозиция лидери Ники Мелиа (солдо)

Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Гахария 18-февралда кызматынан кетти. Бир күн мурда өлкөдөгү оппозиция лидери Ника Мелия камакка алынган.

Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария кызматтан кетүүгө арыз жазганын 18-февралда өткөн атайын брифингде билдирди.

Ал өз чечимин соттун оппозиция лидери Ника Мелия камакка алганы менен байланыштырып, бийликтеги команда менен пикири эки ача чыгып калганы менен түшүндүрдү.

Кызматтан кетип жаткан премьердин айтымында, оппозиция лидерин камакка алуу өлкөдөгү жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирет.

«Мен ээлеп турган кызматымдан кетүү чечимин кабыл алдым. Албетте, бул кадам өлкөнүн саясий айдыңындагы талаш-тартыштарды азайтарына ишенем. Анткени пикир келишпестик, талаш-тартыштар биздин өлкөбүздүн келечегине, анын экономикалык жактан өнүгүшүнө, кризистерди жеңип чыгуусуна чоң тобокелдик жаратат».

Георгий Гахария өкмөт башчылыкка 2019-жылдын сентябрь айында келген. 2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо "Грузин кыялы" партиясы жеңип чыккан соң, кайра эле премьер-министрликке бекитилген.

Оппозициянын лидери камалды

Бир күн мурда Тбилиси шаардык соту айыптоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, оппозициядагы Бирдиктүү улуттук кыймылдын төрагасы Ника Мелияны камакка алуу чечимин чыгарган. Ага 2019-жылдын 21-июнуна караган түнү парламент имаратынын алдында өткөн акцияларда "зомбулук иштерин уюштурган, жетектеген жана катышкан" деген айып тагылууда.

Эгер 41 жаштагы Мелия күнөөлүү деп табылса, тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Гахариянын билдирүүсүнөн кийин Ички иштер министрлиги Мелияны убактылуу камабай турарын маалымдады.

Евробиримдиктин Грузиядагы элчиси Карл Хацель оппозиция лидеринин кармалышы кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн экенин билдирди. Соттун чечиминен кийин оппозициядагы партиялардын лидерлери жана Мелиянын тарапташтары «Бирдиктүү улуттук кыймылдын» башкы штабына чогулушту. «Европалык Грузия» партиясынын лидери Давид Бакрадзе Мелиянын камалышы саясий кризисти мындан дагы курчутушу ыктымал экенин эскертти.

Соттун чечими 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон бери ырбап келаткан саясий кризис маалында чыгарылды.

Көз карандысыз байкоочулардын айтымында, шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгон болчу. Оппозициядагы бардык партиялар ошондон бери мандаттарынан баш тартып, парламентти бойкоттоп келишет.

Грузия: коронавирус маалында өткөн шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

2019-жылы эмне болду эле?

2019-жылдын 20-июнунда башталган элдин нааразылыгына орусиялык депутат, коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православдардын парламенттер аралык ассамблеясына төрагалык кылуу үчүн барган.

20-июнда Сергей Гаврилов Грузия парламентинин спикеринин креслосуна отуруп жыйынды алып барган. Мунусу жергиликтүү эл тарабынан «Грузияны сыйлабастык» катары бааланган.

Грузиндер Гавриловду Орусиянын президенти Владимир Путиндин өнөктөшү, Грузиядан бөлүнүп кеткен жикчил Түштүк Осетия, Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындашкан.

Нааразылыктын биринчи күнүнөн кийин грузин парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматтан кеткен. Митингге чыккандардын талабы менен парламенттеги коалиция 2020-жылдагы шайлоону пропорционалдык система менен өткөрүүгө, шайлоо босогосун алып салууга макул болгон.

Оппозиянын лидери Ника Мелия 2019-жылдагы акциялар маалында тополоң уюштурган деп айыпталып, соттун чечими боюнча 30 миң лари( 9 миң доллар)күрөө төлөп, электрондук билерик тагынып жүрүүгө милдеттендирилген. Оппозиция лидери 2019-жылы күрөөнү толук төлөгөн.

Грузия: орус депутатынан улам башталган чуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:00 0:00

Саясий кризиске түрткөн парламенттик шайлоо

Грузияда былтыр күзүндө парламенттик шайлоо жаңы система менен өттү. Ага ылайык парламентеги 150 мандаттын 120сы партиялык тизме менен, ал эми калган 30 депутат бир мандаттуу округдан келет.

Эң ири оппозициялык партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, мандаттарын алуудан баш тарткан.

Ника Мелиянын партиясы парламентке өтүп, отуз беш орунду ээлесе да Мелия оппозициядагы партияларга кошулуп, бойкот жарыялаган. Ошондо ал электрондук билеригин чечип салган. Мындан улам күрөө 40 миң лариге чейин көтөрүлгөн. Мелия парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылык билдирип, күрөөнү төлөөдөн баш тарткан.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура парламентке Мелияны депутаттык иммунитеттен ажыратуу сунушун жөнөткөн. 16-февралда парламент «Бирдиктүү улуттук кыймылдын» лидерин кол тийбестик макамынан ажыраткан болчу.

XS
SM
MD
LG