Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:38

Грузияда оппозициялык партиялар шайлоо жыйынтыгын тааныган жок


«Европачыл Грузия» партиясынын лидери Давид Бакрадзе.
«Европачыл Грузия» партиясынын лидери Давид Бакрадзе.

Грузиядагы оппозициялык партиялардын бири «Европачыл Грузия» 31-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын адилетсиз деп атап, шайлоонун экинчи айлампасына бойкот жарыялай турганын билдирди. Партиянын лидери Давид Бакрадзе 2-ноябрда журналисттерге «парламенттик шайлоо эркин жана калыс өткөн жок» деп айтты.

Буга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгында экинчи болгону жарыяланган ири оппозициячыл партия «Бирдиктүү улуттук кыймыл» шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган.

Оппозициялык күчтөр Грузияда 8-ноябрда ири нааразылык акциясын өткөрүүнү пландап жатышат.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, олигарх Бидзина Иванишвили түзгөн бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы добуштардын 48,15%, «Бирдиктүү улуттук кыймыл» кирген оппозицилык блок 27,14%, ал эми «Европачыл Грузия» партиясы 3,78% добуш алганы кабарланган.

Мындан сырткары дагы алты партия парламентке келүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн бир пайыздык босогодон өткөн.

Бул ирет Грузияда шайлоо жаңы система менен өттү. Ага ылайык, парламентеги 150 мандаттын 120сы партиялык тизме менен, ал эми калган 30 депутат бир мандаттуу округдан келет.

Булардын ичинен 15 округда добуш берүүнүн экинчи айлампасы өткөнү жатат.

XS
SM
MD
LG