Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

Грузин президенти Орусияны «жалган маалымат таратып жатат» деп айыптады


Президент Саломе Зурабишвили.
Президент Саломе Зурабишвили.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Орусияны анын өлкөсүн «жаманатты кылууга», стратегиялык өнөктөштөрү менен болгон мамилелерине көлөкө түшүрүүгө жана калк арасында Батышка каршы маанай түзүүгө «дагы бир аракет кылды» деп күнөөлөдү.

Анын алдында орус медиасында «Грузия Еврошаркеттин өтүнүчү менен өз аймагында Жакынкы Чыгыштан келген качкындар лагерин жайгаштырууга макул болду» деген маалымат тараган. Президент мындай «калп» маалыматты жосунсуз жорук катары баалады.

Орус маалымат каражаттары ошондой эле «Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Шинастын тиешелүү каты» деген сүрөттү чыгарышкан. Зурабишвили аны да төгүндөдү жана Евробиримдиктеги өнөктөштөрдү мындай чагымчыл аракеттерди айыптоого чакырды.

Орус расмий мекемелери маал-маалы менен «АКШ Тбилисидеги Лугар атындагы саламаттык сактоо борборунда химиялык жана биологиялык куралдын үстүнөн иштеп жатат, ал жакта адамдардын үстүнөн сыноолор өткөрүлөт» деген билдирүү жасап келатышат. Айрым маалымат каражаттары да ошондой мазмундагы макалаларды жарыялаган жайы бар. Вашингтон жана Тбилиси ал билдирүүлөрдү четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG