Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Түркмөн спортсмени ур-токмоктон көз жумду


Сулaйман Турсунбаев
Сулaйман Турсунбаев

Түркмөнстанда дзюдо боюнча мелдеште атаандашына жеңилип берүүдөн баш тарткан 14 жаштагы Сулaйман Турсунбаев ур-токмоктон кийин каза болгону маалым болду. Маркумдун ата-энеси президент Гурбангулы Бердымухамедовго кайрылып, уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышты.

Көз карандысыз "Turkmen.news" басылмасы ушул айдын башында Ахал облусунун Бахарден районунда өткөн дзюдо боюнча мелдештен кийин анын жеңүүчү, 14 жаштагы Сулайман Турсунбаевди белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишкенин жазган. Ооруканага түшкөн өспүрүм бир нече күндөн кийин көз жумган.

Эми маркум өспүрүмдүн ата-энеси президент Гурбангулы Бердымухамедовго видео кайрылуу жасап, уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышты.

«Биздин уулубузду бир топ адам сабап кетиптир. Анын денесине кол тийгизсек эле ооруп жатат деп ыйлады. Алар анын боорун эзип, баш сөөгүн сындырып салышкан. Уулубуз Америкада Түркмөнстандын желегин көтөрүп, чемпион болууну кыялданган. Ал "Түркмөнстандын президенти колумду кысып куттуктайт" деп айтчу», - деди атасы Матназар Турсунбаев.

Жергиликтүү журналисттердин айтымында, өспүрүм Дашогуз облусуна караштуу Ак-Гала айылында туулган. Алтынчы классты аяктагандан кийин олимпиадалык резервдеги спорт мектеп-интернатына кабыл алынып, эркин күрөш, дзюдо, оор атлетика, футбол жана башка спорттун түрлөрү менен машыга баштаган.

Ал эми каргашалуу окуя февраль айынын башында Ахал аймагынын Бахарден районунда өткөн мелдеште болгон. Оюндун акыркы беттешинин алдында Сулайманга Ички иштер министрлигинин курсанты атаандаш болуп чыккан. Сулайманга беттештин алдында атаандашына жеңилип берүүнү эскертишкен. Бирок өжөр спортчу андай сунуштан баш тартып, өзүнүн салмак категориясында чемпион болгон.

Түркмөнстандагы спорттук мелдеш. (Архивдик сүрөт)
Түркмөнстандагы спорттук мелдеш. (Архивдик сүрөт)

Мелдештен кийин олбурлуу бир нече жигит Турсунбаевдин машыктыруучусуна кол салып, өспүрүмдү машине менен обочо жерге салып барып, өлөрчө сабап, көчөгө таштап кетишкен. «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген улан алган жаракаттарынан улам бир нече күндөн кийин каза болгон.

Бул каргашалуу окуя тууралуу макала "Turkmen.news" басылмасында жарыялангандан кийин редакцияга белгисиз бирөөдөн кат келген. Анда Сулаймандын соңку атаандашы президенттин уулу Сердар Бердымухамедовдун аялынын тууганы экени жазылган. Бирок басылма бул маалыматты тастыктай албаганын жазды.

«Биз бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да албайбыз. Ошол эле булак, прокуратурага бул окуя боюнча тергөө жүргүзүүгө тыюу салынганын айтты. Анткени расмий документтерде спортсмен жыгылып кеткен, олуттуу эч нерсе болгон эмес деп жазылган», - деп жазды "Turkmen.news" басылмасы.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын журналисттери өспүрүмдүн мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу кошумча маалымат алууга аракеттенишүүдө.

Жергиликтүү журналисттер белгилегендей, көз карандысыз медиада бул маалымат тарагандан кийин өлкөдөгү спорттук мектептерге коопсуздук кызматкерлери барышып, Турсунбаевдин өлүмү боюнча сөз кылбоону эскертишкен.

Ал эми АКШда жашаган айрым түркмөнстандыктар 19-февралда БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинин алдына чогулуп, 14 жаштагы дзюдочунун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө нааразылык билдиришет.

Уюштуруучулардын бири Ольга Чарыева түркмөн бийлигинен бул үрөй учурган окуянын калыс иликтенишин жана күнөөлүүлөрдүн жазага тартылышын талап кылды.

«Биз бул кылмышты демейдегидей кысым жана коркутуу менен туш келди адамга илинишин каалабайбыз. Биз Сулаймандын атаандашы ким болгонун, анын мыкаачыларга кандай байланышы бардыгын жана анын ким экендигин аныктоону талап кылабыз», - деди Чарыева.

18-февралда Мары облусундагы мектептерге, анын ичинде спорт багытындагы мектептердин мугалимдерине окуучуларга өзгөчө көзөмөл кылууну эскерткен билдирүү келгени айтылат. Бирок "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын журналисттерине мектептерден жана тийиштүү мекемелерден бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG