Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Байден: Америка дүйнөлүк аренага кайтты


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден Америка дүйнөлүк саясатка кайтып келгенин жарыялады. Бул тууралуу Байден Мюнхен коопсуздук конференциясына онлайн катышып жатып билдирди. Анын айтымында, Вашингтон Европа менен Американын кызматташтыгын чыңдоого кызыкдар.

“Демократия өзүнөн-өзү эле калыптанбайт”, - деген АКШ президенти автократиянын үстүнөн жеңүүгө дайым аракет кылуу керектигин белгиледи.

Өз сөзүндө Жо Байден Орусия АКШ, Европа аймагындагы жана башка өлкөлөрдөгү демократияга сокку уруу үчүн бир катар аракеттерди кылганын билдирди. Кремль мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Президент Байден коронавируска каршы жарды өлкөлөрдүн жарандарын эмдөөнү каржылоого багытталган Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун COVAX программасын каржылоого Ак Үй 2 миллиард доллар бөлө тургандыгын шардана кылды.

Жо Байден Мюнхен конференциясында сөз сүйлөгөн АКШнын биринчи президенти болуп калды.

19-февралда АКШ президенти “Чоң жетилик” виртуалдык жыйынына да катышты. Мурда Орусия да кирген өлкөлөрдүн тобу мурда “Чоң сегиздик” деп аталчу. 2014-жылы Кремль Украинага таандык Крымды бир тараптуу каратып алган соң, Орусия бул топтон чыгарылган.

XS
SM
MD
LG