Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Байден Кытайды Шинжаңдагы саясаты үчүн сындады


Кытайдагы «кайра тарбиялоо лагерлеринин» бири
Кытайдагы «кайра тарбиялоо лагерлеринин» бири

АКШ президенти Жо Байден Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулмандарга карата саясатынын Бээжин үчүн "кесепети" болорун билдирди. Мындай пикирин Байден шейшембиде Висконсин штатында элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Кошмо Штаттарынын лидеринин ынанымында Кытайдын адам укуктарын бузуп жатканы аны кыйла артка тартмакчы.

-Дүйнө лидери болом деп Кытай аябай аракет кылып келатат. Бул даражага жетүү үчүн ал башка мамлекеттердин ишеничине кириши керек. Бирок негизги адам укуктарына каршы келген ишин улантып жаткан маалда андай даражага жетүү кыйын болот, -деди Байден.

Шинжаң аймагында кеминде бир миллионго чукул мусулмандар - алардын басымдуу көпчүлүгү уйгурлар - аймактагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып келатат. Ал үчүн Кытай лидери Си Цзинпин эл аралык коомчулуктун сынында.

Бээжин бул дооматтарды четке кагып, ал жайларды "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим борборлору" катары сыпаттап жүрөт.

11-февралда Жо Байден Си Цзинпин менен болгон эки сааттык телефон сүйлөшүүсүндө Кытайдын «адилетсиз» соода тажрыйбасы, Бээжиндин адам укуктары жаатындагы саясаты, анын ичинде Гонконгдогу демократиячыл активисттердин куугунтукка алынышы боюнча тынчсыздануусун билдирген.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары ошол эле сүйлөшүүдө Си Цзинпин АКШны Кытайдын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө, анын ичинде Гонконг менен Шинжаңдагы маселелерге кийлигишүүдөн этият болууга чакырганын жазышкан.

XS
SM
MD
LG