Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Батыш дипломаттары Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди талкуулайт


Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас, Британиянын тышкы иштери министри Доминик Рааб жана Франциянын тышкы иштери министри Жан-Ив Ле Дриан
Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас, Британиянын тышкы иштери министри Доминик Рааб жана Франциянын тышкы иштери министри Жан-Ив Ле Дриан

АКШ, Германия, Франция дана Улуу Британиянын дипломаттары Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдин келечегин талкуулашат. Парижде 18-февралда башталчу жыйында Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас, Британиянын тышкы иштери министри Доминик Рааб жана Франциянын тышкы иштери министри Жан-Ив Ле Дриан жолугушат. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жыйынга видео байланыш аркылуу катышат.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия "өзөктүк келишим" деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылы мурдагы президент Дональд Трамптын тушунда АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды колдонууну баштаган.

Буга жооп катары Тегеран өзөктүк келишимдин бир катар шарттарын аткаруудан баш тарткан. Ал учурда Кошмо Штаттарынан башка Батыш мамлекеттери келишимди сактап калганга аракет кылышкан эле.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Иран келишимдин шарттарын толугу менен аткара баштаса Вашингтон келишимге кайтып келээрин билдирген болчу. Тегеран болсо алгач АКШнын өзү коюлган шарттарды аткарышы керек деп эсептейт.

17-февралда Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменейи өзөктүк келишимге кол койгон башка тараптардан «сөз гана эмес, иш-аракет да» күтөрүн билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG