Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Түндүк-түштүк жолу: 2021-жылы эстакада көпүрөлөрүн куруу уланат


Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушу (Фото архивден)
Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушу (Фото архивден)

2021-жылы түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна пландалган эстакадалык көпүрө жана туннелдерди куруу иши кайрадан жанданат.

Бул тууралуу 18-февралда Транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы Кытайдын "China Road and Bridge" корпорациясынын башкы менежери Хоу Ху Сянга таянып билдирди.

Хоу Ху Сяндын айтымында, 2020-жылы коронавирус пандемиясынын айынан адистерди ишке тартуу кыйындап калган. Анткен менен Кызыл-Жылдыз жана Арал айылынын ортосундагы жол толук оңдолуп бүттү.

Казарман-Жалал-Абад участкасына альтернативдүү жол салуунун алкагында 2,8 - 3,8 чакырымдык туннел курулат. 2020-жылы бул туннелдин курулушу уланып, үстүңкү жана ылдыйкы катмарына бир чакырымдык асфальт төшөө ишке ашкан. Туннелди бетондоо иштери коронавирус пандемиясынан улам токтоп калган.

Арал-Казарман участогунда жалпы узундугу 1 472 метрлик эки эстекада көпүрөсү курулуп жатат. 1076 метрлик көпүрө 70% салынып бүттү, 396 метрлик көпүрөнүн иши 90% аяктады.

Балыкчы–Кочкор–Чаек–Арал–Казарман–Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жол Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон берки эң ири долбоорлордун бири катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. 2014-жылы башталган, жалпы наркы 850 миллион долларлык долбоордун инвесторлору – Кытайдын Эксимбанкы менен катар Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Кытайдын «China Road & Bridge Corporation» корпорациясы жүргүзүп жаткан курулуш иштери 3 фазага бөлүнгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG