Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Сооронкулова, Касенов, Абакиров Бишкек шаардык кеңешке бирге аттанышат


Элдар Абакиров, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов. (солдон оңго карай)
Элдар Абакиров, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов. (солдон оңго карай)

Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо ат салышуу үчүн үч партия биригүүдө. Алар – “Реформа”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Асман-Ала Тоо” партиялары.

Биригип жаткан үч саясий уюмдун лидерлери Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров январдагы президенттик шайлоодо талапкер болушкан.

Шаардык кеңешке шайлоо алдындагы биригүү тууралуу Сооронкулова “Азаттыкка” төмөнкүчө маалымат берди:

“Байкап көрсөк, шайлоого катышууну көздөгөн партиялар көп жана саясий атаандаштык күчтүү экен. Ошондуктан, прогрессивдүү күчтөр биригели деп чечтик”.

Үч партия меморандумга 18-февралда Бишкектеги “Достук” конок үйүндө кол коюшат. Саясий топ ачык болот, эгер көз караштар, идеялар төп келсе башка партиялар да кошулса болот, бирок эски саясатчылар кошулбайт, дешет саясатчылар.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде болот. Аймактык шайлоо комиссиясынын 17-февралдагы маалыматына ылайык саясий өнөктүккө азырынча 10 партия ат салышуу ниетин билдирди.

Шаардык кеңеш 45 мандаттан турат. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары 4 жыл иштейт.

XS
SM
MD
LG