Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Рыспаев: Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда элдин мүдөөсү камтылган жок


Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Баш мыйзамдын сунушталып жаткан жаңы долбоорунда элдин пикири эске алынбай калган деп эсептейт. Депутат 17-февралдагы жыйында Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешме 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында 80 депутат демилгечи болгон долбоордун концепциясынан чыкпай жазылганын сындады.

«Силердин кеңешмени байкап отурдум. Мен ошол жерден Талант Мамытовдун кол коюп берген концепциясынан чыга албайсыңар дегенди уккан жокмун. Мен элдин үнү, мүдөөсү бул Конституцияда камтылган жок деп айтам. Биз силерге "жазып, сонун кылып алып келип бергиле", дедик. Депутаттар берген концепциядан чыга албасаңар өзүбүз эле иштеп чыкпайт белек. Анда эмнеге кеңешме түзүлдү? Сиз башында турдуңуз, коомчулукка ачык эле айтпайт белеңиз. «Эл, журт, биз - депутаттар жазып бергенден чыга албайбыз» десеңер биз айтып чыкмакпыз», - деди Рыспаев.

Депутаттын сынына Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жооп берди.

«Алгачкы күндөрдө ошол концепция боюнча ызы-чуу болдук. Талаш-тартыш болду. Ошол кезде бизде маселе туруп калды - «долбоорду ким жазды, авторун тапкыла, ошол ой-пикирин айтсын» дешти. Авторун таппай калдык. Концепция дегенди биз кандай түшүнөбүз? Бул негизги көз караштар. Негизги көз караштар кандай болгон? Бул президенттик башкаруу, адам укугун коргоо, курултайды киргизүү, бийликтин бутактарын так бөлүп берүү. Мына ошондон биз чыга алган жокпуз. Концепцияны биз ушундай түшүнөбүз, долбоордун структурасынан өзгөрткөнгө акыбыз жок болчу», - деди Бөрүбашев.

Депутат Кожобек Рыспаев Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин жоопкерчилиги так жазылбай калган деп сындады. Ага Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү президенттин жоопкерчилиги мамлекет башчысына импичмент жарыялоо боюнча беренеде жазылганын белгилешти.

17-февралда парламентте Конституциянын жаңы долбоору талкууланды.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген. (TSh)

XS
SM
MD
LG