Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Шайлоого катышуу үчүн Бишкекте 14 партия, Ошто 5 партия кабарлама берди


Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири (Иллюстрациялык сүрөт).
Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири (Иллюстрациялык сүрөт).

Бишкек шаардык кеңешине 11-апрелде өтө турган шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 18-февраль түшкө карата 14кө жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Алар:

  1. «Легалайз».
  2. «Ата-Мекен».
  3. «Эмгек».
  4. «Бүтүн Кыргызстан».
  5. «Улуу Журт».
  6. «Ыйман Нуру».
  7. Жашылдар партиясы.
  8. «Социал-демократтар».
  9. «Патриот».
  10. КЭДП (Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы)-НДПК.
  11. «Ата-Журт».
  12. «Бирге-Вместе».
  13. «Свобода выбора».
  14. «Ишеним».

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу тууралуу ниетин 5 партия билдиргенин Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев маалымдады.

Алар:

  1. «Тилектештик».
  2. «Ынтымак».
  3. «Бир бол».
  4. «Бүтүн Кыргызстан».
  5. «Ыйман Нуру».

Партиялар шаардык кеңештердин шайлоосуна катышуу боюнча кабарламасын 1-март, түнкү саат 12:00гө чейин бериши шарт.

Бишкек шаардык кеңеши да, Ош шаардык кеңеши да 45 мандаттан турат. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары 4 жылдык иштейт.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Былтыр апрелде Кыргызстанда мөөнөтү бүткөн 5 шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок. Коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган эле. Алар да соңку өнөктүккө кошулуп өткөрүлгөнү жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG