Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Картошка, өсүмдүк майы, эт, кумшекер, жумуртка кымбаттады


Ош базары, Бишкек
Ош базары, Бишкек

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь айына салыштырганда быйыл январда тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 18,5% кымбаттады.

Бул тууралуу аталган мекеме 18-февралда маалымат таратты.

"Былтыркы январь айына караганда өсүмдүк майы - 54,6%, картошка - 46,3%, жумуртка - 35,4%, кумшекер - 33,1%, эт - 27,5%, ун - 16,5% кымбаттап, мындан тышкары сүт, тооктун эти, алкоголсуз суусундуктардын баасы да жогорулаган. Нандын баасы 5,2% көтөрүлдү", - деп билдирди Статком.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн жылга салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 1,7% жогорулаган.

Кыргызстанда керектүү товарларга баа өсүп жатканы 17-февралда премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешмеде да айтылган. (BCh)

Кыргыз базарын кымбатчылык басты
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:40 0:00

XS
SM
MD
LG