Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Бишкек шаарынын бюджетинде өсүш байкалды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Борбор калаанын 2021-жылга карата бюджети 10 миллиард 230 миллион 993,6 миң сом болот деп болжолдонуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Мекемеден кабарлашкандай, мунун 9 млрд. сомго жакыны салыктык киреше, 1 млрд. сомдон ашыгыраагы салыктык эмес киреше.

Ушул күндөрү жергиликтүү бюджетке байланыштуу шаарда коомдук угуулар өтүп жатат. Ал жыйындарда белгилүү болгондой, коронавируска байланыштуу кризис жайгарылбаса, быйылкы бюджетке 1 млрд. сомдой каражат түшпөй калуу тобокелдиги бар.

Бишкек шаарынын 2020-жылга карата бюджети 10 млрд. 98 млн. сом деп бекитилген. Быйылкы сумма мындан 132 млн. сомго көп. (ErN)

XS
SM
MD
LG