Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Беларус: Банкир Бабариконун соту башталды


Виктор Бабарико
Виктор Бабарико

Беларустун Жогорку сотунда “Белгазпромбанктын” мурдагы башчысы Виктор Бабариконун үстүнөн сот жараяны башталды. Аны менен кошо бул иш боюнча алты адамга айып тагылган.

17-февралдагы жараянда судья Игорь Любивицкий банкирдин адвокаттарынын бир нече өтүнүчн четке какты. Алардын арасында Бабарикону үй камагына чыгаруу жана сотту чагылдырууга журналисттерге уруксат берүү боюнча өтүнүч бар болчу.

Виктор Бабарико былтыр президенттикке ат салышарын жарыялаган соң камакка алынган. Аны менен кошо уулу Эдуард да кармалган. Аларга “пара алуу”, “мыйзамсыз акча адалдоо”, “салык төлөөдөн качуу” деген айыптар тагылган. Мындан соң Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан.

Бабарико камалардан үч күн мурун Беларус бийлиги ал ээлик кылган “Белгазпромбанкты” мамлекеттин карамагына алып, ондон ашык кызматкерлерин камакка алган.

Мурдагы банкир жана анын тарапкерлери саясатка аралашууга аракет кылганы үчүн куугунтукка туш болгонун айтып келе жатат.

XS
SM
MD
LG