Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Осмонова: Бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүнүн жазасы Баш мыйзамдын долбоорунда каралган эмес


Айнура Осмонова.
Айнура Осмонова.

17-февралда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча суроолорду конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен талкуулап жатат.

Талкууда сөз сүйлөгөн депутат Айнура Осмонова жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда адамдын кадыр-баркына шек келтирген сөздөрдү таратып, каралагандарга жаза каралбай калганын сындады:

"Ар бир адам айткан сөзүнө жоопкерчиликтүү болушу керек. Жаманбы, жакшыбы, бардык нерсе айтылганда анын чын экенин бышыктап, толук милдетин алып, ошого керт башым менен жооп берем дегенди үйрөнүшүбүз керек. Ал эми жаңы долбоордо "эч ким кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген маалыматты таркатууда кылмыш жообуна тартылбайт" деп турат. Конституцияда жазылып турат деп эртең эмне болуп кетебиз анда?".

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бул нормалар Жазык жана Жарандык кодекстерде каралганын айтышып, Баш мыйзамдын жаңы долбооруна сөз эркиндигине байланыштуу нормалар эл аралык конвенциялардын негизинде киргенин жүйө келтиришти.

2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин ошол эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага 80 депутат демилгечи болгон.

Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу максатында Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документ 2 айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген.

Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган. 17-февралда парламенттеги демилгелүү топ аны карай баштады.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. (BCh)

XS
SM
MD
LG