Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

"Ак-Кула" ат майданы ордунда калат


Ипподромдогу тынчтык жыйыны. 2021-жылдын 17-февралы
Ипподромдогу тынчтык жыйыны. 2021-жылдын 17-февралы

"Ак-Кула" ат майданы эч жакка жылдырылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков бүгүн, 17-февралда Бишкекте шаардын тышына ат майданды көчүрүүгө каршы чыгып жыйын кургандарга жолукканда билдирди.

Буга чейин башка бир вице-мэр Жамалбек Ырсалиев "Биринчи радионун" эфиринде ипподромду шаардын тышына көчүрүп, анын ордуна футбол талаасын куруу каралып жатканын айткан.

Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков
Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков

Жыйында Русланбек Акылбеков эл алдында мындай деди:

- “Ак-Кула” ат майданы башка жакка көчүрүлөт деген маалымат чыгып кеткен. Ошондон улам мэриянын өкүлдөрү бул иш-чарага келип отурабыз. Бул жерге келердин астында бардык кызматтардан маалымат алдык. Азыр ат майданды көчүрүү тууралуу эч кандай маселе турган жок. 2020-жылы 2-сентябрда чыккан өкмөттүн токтому бар экен. Ошол токтомго ылайык Сеймология институту берген көрсөтмөнүн негизинде эски имаратты бузуу иштерин жүргүзүү, аны менен бирге бул жерге кандай ипподром салына турганын, ат майдан кандай көрктө боло турганын камтыган долбоорду даярдоо бизге тапшырылган экен. Ал иш-аракеттер болуп жатат. Былтыр 19 миллион сомго эки ирет тендер өткөрүлүп, бирок бир дагы арыз түшкөн эмес. Азыр биз бул жаатта иш алып барып жатабыз. Буюрса жаңы курулуштар болот. Бирок ипподром сакталып калат”, - деди Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков.

«Ак-Кула» ат майданы Бишкек шаарында жайгашкан. Аянты 57,4 гектар, 3000 орундуу. Ипподромдо улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп турат. (GT)

XS
SM
MD
LG