Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Өзүн "УКМК кызматкеримин" деп элди алдап жүргөн адам кармалды


Кылмышка шектүүнүн телефонунан табылган сүрөт
Кылмышка шектүүнүн телефонунан табылган сүрөт

Ысык-Көл облусунун 1994-жылы төрөлгөн тургуну өзүн "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматында иштейм" деп тааныштырып, жасалма документтер менен жүргөнү аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 17-февралда билдирүү таратты.

Кармалган жаранга Жазык кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү ("Документтерди жасалмалоо") боюнча сотко чейинки териштирүү иши ачылды.

Өзүн атайын кызматтын өкүлүмүн деп тааныштырган жаран кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен бирге иштеп, торуна түшкөндөрдү "ири компанияларга жумушка орноштуруп берем" деп алдап жүргөн.

Тергөө маалында жабырлануучулардан ири суммадагы каражат алынганы аныкталды. Алдамчылыкка шектелип жаткан жарандын машинесин тинтүү маалында Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкеринин күбөлүктөрү, парламенттин имаратына кирүүчү документ, машиналардын эки жасалма номуру, визиттик карточка, Жогорку Кеңештин мөөрү жана уюлдук телефонунан УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөттөрү табылды.

Чогулган материалдардын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына юридикалык баа берилип, тергөө иштери уланууда.

УКМК шектүүдөн жабыркагандар болсо Ысык-Көл облустук УКМК башкармалыгына же болбосо Бишкектеги УКМКнын нөөмөт кызматына кайрылышы керек. (BCh)

XS
SM
MD
LG